Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 11-октябрда Ош облусунун Ноокат районунда бир орусиялык жана кыргыз жараны 30 килограмм маңзат менен кармалганын билдирди. Мекеме кабарлагандай, алардын Тажикстан - Кыргызстан - Өзбекстан каттамы менен 20 кг гашиш жана 10 кг чийки апийимди ташып баратканы аныкталган.
Кармалгандар маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип камакка алынды. Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо иштери уланууда.
Сентябрь айынын башында Ички иштер министрлиги 450 килограммадан ашуун маңзат жок кылынганын билдирген. Мындан сырткары 30 килограммдан көбүрөөк героин, 328 килограммдай кара куурай, 2 кг апийим жана 90 кг психотроптук заттар жок кылынган.
ИИМдин маалыматына ылайык, былтыр 230 килограммдан ашык психотроптук заттар алынып, онго жакын маңзат лабораториясынын иши токтотулган.