Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:40

Самара Сагынбаеванын тасмасы Азия фильмдер академиясынын сыйлыгын алды


 Самара Сагынбаева Түштүк Кореяда сыйлык алган учурда
Самара Сагынбаева Түштүк Кореяда сыйлык алган учурда

Кыргызстандык режиссер Самара Сагынбаева тарткан тасма Түштүк Кореяда Азия фильмдер академиясынын Promising Award сыйлыгын утуп алды.

Аталган академияга өтүү үчүн Азия өлкөлөрүнөн 500дөн ашуун адистер ат салышкан. Тандалган 24 режиссер үч апта академияда окуп, кино тартышты. Режиссер Сагынбаеванын айтымында, анын командасы сынакта "Кореядагы акыркы түн" деп аталган кыскаметраждуу тасма тарткан. Баш каармандын ролун кыргызстандык актер Илим Калмуратов ойноду.

Сыйлыкка татыган кинолор 28-Пусан эл аралык кинофестивалында көрсөтүлөт.

Самара Сагынбаеванын тасмалары буга чейин да эл аралык фестивалдарда сыйлыктарга ээ болгон.

Ал Чехиядагы Көркөм өнөр академиясынын интенсивдүү режиссёрлук курсун аяктаган.

XS
SM
MD
LG