Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Абак күндөлүгү: Эркиндикке кадам шилте Борбор Азия...


Олжобай Шакир Бишкектин 1-Май райондук сотунда. 18-сентябрь, 2023-жыл.
Олжобай Шакир Бишкектин 1-Май райондук сотунда. 18-сентябрь, 2023-жыл.

Олжобай Шакир - жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист. Учурда УКМКнын тергөө абагында отурат.

Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен кылмыш иши козголгон. Ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан.

Олжобай Шакир абактан жазган бул катын адвокаты аркылуу берип жиберген.

Бүгүн тренажер залында болдук. Өзүмдү тилдедим. Катуу тилдедим. Сөктүм. Булчуңдарым эшилген аркандай чыйралып калыптыр. Күзгүгө жакын барып карасам, чыйрак эшилген жоон аркандын өзү. Үйдө экенимде булчуңдарым боорсоктун суюк камырындай шалбырап жүрдү эле. Азыр буртуят. Анан өзүмдү кантип сөкпөйм, эмнеге эркиндикте жүргөндө өзүмө карабадым? Дене бойду чыңаш үчүн сөзсүз эле абакка отурушум керек беле?..

***

Дене булчуңдарым тургай мээ булчуңдарым активдүү иштеп, бир айдан ашык мезгилде канча чыгарма жараттым? Канча китеп окудум? Анан өзүмдү кантип сөкпөйм? Эркиндикте жүргөнүмдө эмнеге өз мүмкүнчүлүгүмдү ойготпой келдим?..

Адам аткырыңа убал жок экен эй. Башына күн түшмөйүнчө ыкшоо тартып жүрө берет тура. Көбүбүз эркиндикте жүрүп өмүрүбүздү сая кетирерибизди ушул күндөлүктү окуган кыргыз түшүнсө дейм.

***

Дагы бир мактана турган жайым бар: абакка жаңыдан келгенимде тренажёр залында дене боюм катып калганын сезгем. Колу-бутту, белди керип-чойгон сайын “икилеп”, онтоп, кыңкыстап аттым эле, азыр шайдоот кыймылдап, чапчаң боло түшүпмүн кыйла. Эркиндикке чыгып барганымда “сенин көзүңдү тазалайм”, “жолуккан жерден өпкөңдү үзөм” деп сөөк аңдып, жугунду жалаган дөбөттөргө эскертип коёюн, кокус мага кол сала турган болсоңор, мен азыр табында турган тайганга окшошмун.

***

Бул жакка кабылган күндөн бери мен өзүмдү абакта отурган кишидей эмес, байкоочу катары сезип келем. Улуу акын Алыкул “Мен өзүмдү бир кылымдан карасам, тээ алыстан чаң ызгыткан шаң чыгат ” дегендей, мен абакта отурган өзүмдү карасам, мен деле шар мүнөз, эр мүнөздүк менен коомго керектүү кеңештеримди жазып тургудаймын. Кеп мындай: абак жайлардагы кейиштүү абалдар кыйла жакшыра түшкөнүн мен бул жактын босогосун аттаган күнү эле сездим. Мындан да кыйла жакшыртса боло турган экен. Себеби, өз жарандарыбыздын ден соолугу, өмүрү үчүн абактарда деле кам көрүлүш керек. Бул мамлекеттин милдети.

***

Мен бул жактан түшүнгөн дагы бир жагдай жөнүндө пикиримди коомчулук менен бөлүшкүм бар. Бул жактан укканыма караганда, айрым коррупционерлер узак мөөнөткө абакка түшкөн учурлар болгон үчүн алардын кээси өзү отурган камерага телевизор, муздаткыч, дагы башка күнүмдүк турмушка керектүү боюмдарды алдырып келет экен. Кийин кошо ала кетмек беле? Калат да. О.э. кээси өзү отурган камераны евроремонт жасатып кеткени коом үчүн да, мамлакет үчүн да жаман эмес. Коррупционерлерден калган муздаткыч болобу, башкасы болобу, айтор кийинки келген мага окшош бекер оокатка кыныккан арестанттар үчүн дурус эле оокат бул...

***

Дагы бир байкоом: өздөрүн саясый “элита” санаган көпөстөр, коррупционерлер, мансапкорлордун жоон тобу абактарда, түрмөлөрдө отуруп чыкканы деле коомдук өсүшкө пайда болчудай экен.

Маселен, акыркы 20 жылда далай саясатчылар абактарда, түрмөлөрдө отуруп чыкты. Демек, баары абактагы кейиштүү жагдайлардан кабары бар. Андыктан буга чейин түрмөлөрдөгү адам чыдагыс жагдайларга укук коргоочулар, жарандык коомдун өкүлдөрү эле эмес, ошол темир торду көрүп чыккан саясатчылар, депутаттар, министрлер да көбүрөөк тынчсызданууга тийиш. Бул жакта отургандардын, саламаттыгы, өмүрү деле өлкө байлыгы экенин кандай болбосун унутпашыбыз керек.

26.09.23

***

Аба ырайы салкындаган үчүн абактардын сырткы каалгалары жабылып, эми бир аз камакта отурганга окшошту. Болбосо сырткы темир каалгалар ачыкта башка камерадагылардын катуу кобурашкандары угулуп, ары-бери өткөндөр да алаксыта берчү. Эми болсо күнү-түнү жымжырт боло түшкөнү мага жакты.

Өзүм деле бака-шаканы анча сүйбөгөн үчүн жымжырттык жакшы экен мага. Тек жанымдагы шеригиме кыйын болуп калды. Ар ким менен бакылдашып сүйлөгөнү калды. Башка камерадагыларга кыйкырып сүйлөйүн дейт, мурдагыдай угулбаган үчүн супсуну сууп отуруп калып атат...

***

Мени каралап, элге маскарапоз көрсөтүү үчүн акыркы үч жылдан тарта бийликтин фейктери менин дарегиме ЛГТБ темасын чаптаганын койбоду, мен да аларга ЛГТБ коомун актаганымды койбодум. Эмесе аларга жооп ыр менен да болсун:

Түркөй бирөө шылдың кылып гейлерди:

“Азезилдер, бузукулар!” - дей берди.

А өзүнөн лесбиянка туулганда:

“Эл эмне дейт?!” – өзүн өзү жей берди.

Мен бул төрт сапты өз турмушумдан кезиктирген үчүн жаздым. Уулум трансжигит болуп туулганын мен коомчулукка ачык айтып, жазып чыкканым үчүн мага түрдүүчө кайрылгандар көп. Далайы “эл эмне дейт?” түшүнүгүнөн чыкпай өздөрүн да, уул-кыздарын да кыйнап жүргөн үчүн коомчулук жаратылыштан өзгөчөлүү болуп төрөлүп калгандарды шылдың кылганын көрүп, өз уулум жөнүндө ачык айтып чыгууну чечкем. Болбосо биздин коомдо тургай айрым үй-бүлөлөрдө өз уул-кызын үйүнөн чыгарып салгандар четтен табылат.

Кыргызстандагы ЛГТБ коомунун азганактай ата-энелер клубун түзгөнбүз. Айрымдары менен “РухЭш” ТВ каналында интервью уюштурдум. Кээси өз ысымын жашырса, кээси ачык кеп курду. Ошондо мага жашы элүүдөн өткөн мырза ымандай сырын айтканы бар. “Кезинде мен да гейлерди жаман көрчүмүн. Шылдыңдап келеке кылчумун. Бирок кудайдын жазасыбы, билбейм. Өз кызым лесбиянка экенин уккандан бери эмне кыларды билбей, силердин клубга мүчө болдум”, - деп өзүнүн турмуштук катасына кейиген эле. Андыктан “Кудай кылса, кубарыңдын акысы барбы?” дегенди унутпайлы...

Эч ким өз тагдырын тандап албайт. Өзгөчө ЛГТБ коомунун өкүлдөрү!

***

Плюрализм курган кезде коомубуз,

Чечимдерди тең салмактайт жообубуз.

Жети өлчөп, бир кескенде баарысын –

Бармак дагы болот эч бир ооругус.

***

“Манас! Манас! Манас!” дебей курулай,

Маанисинен нарк, насилдин нугун ал.

Кукулуктап тотукуштай сайрабай,

Курандын да куттуу, асыл жугун ал!

***

Көсөмсүнгөн көп саясый эксперт,

Көңдөй кадр – башында мээ жетишпейт.

Ар бир зулум, жексур бийлик тушунда

Аренага чыгат алар. Кетишпейт.

***

Качан дебе: издеп ката, чекилик,

Бакан ооздор болот жүргөн бекинип.

“Эл душманын” таап чыгат капкайдан,

Алар бийлик салган кылтак, капкандай.

***

ФЕЙКТЕР ЖӨНҮНДӨ МЕТАФОРА

Жулсаң болбой өсө берчү корооңдо,

Чырмоок чөптөр болот чалчу бутуңдан.

Фейсбукта да фейктер толо оролмо,

Блоктоп эч күн жок экен кутулган.

Чырмоок чөптү тукум курут кыла албай,

Тамырынан жулуп, кээсин орушат.

Фейктердин да тамырын эч жула албай,

Блоктосоң, кайра пайда болушат.

Тириликке чырмооктун көп зыяны,

Гүл бакчаңа күн көрсөтпөй куураткан.

Фейктерди да о, биз кантип тыялы?

Ким аларды чуурутуп “тууп” аткан?!

27.09.23

***

Кечээ бир сот келип камалды. Кайсы камерага экенин билбейм. Бул жактын сурагы деле оңой эмес экен. Абакта отургандар туш-туштан суроо жаадырганына тиги сот “күң-мыңк” жооп берип атты, жооптору бизге анча угулбады. Бирок мага сотту жарга такап аткан арестанттардын суроолору жакты.

  • "Болду-болбоду коррупция менен кармалдың да ээ?" – деди бири;
  • "Соттор, кудайды тааныбай калдыңар эле, кандай экен бул жакка келген?" – деди бири;
  • "Канча жедиң, канча сумма?";
  • "Кайсы райондук соттонмун дейсиң?".

Айтор, ушул мүнөздөгү какшык аралаш суроолорго ары жактагы сот кантип жооп берип атты, билбейм. Үнү күңкүлдөп эле угулуп атты. Соттун ордуна эми ар кимибиз өзүбүздү коюп көрөлүчү, кандай жооп айтат элек? Айласын алты кетирген арестанттардын суроолору акыйкат эле да, туурабы? Азыр кудайын тааныбас мындай сотторду шагыратып айдап келип тыкса да, буларга абактардан бош орун калбаса керек...

Бул жакта сот иши айлап-жылдап ордунан жылбай абакта шыкалгандар көп. Алардын зарлаганын уксаң, жаның кейийт. Биз деги кандай мамлекетти түптөп атабыз? Мамлекеттин түптөлүшүнө элибиз эмне мынча кайдыгер? Бийлик ээси - эл дегенибиз кайсы? Кокус эртең кимибиздин болбосун иши соттордун колуна түшөр болсо, соттордун адилеттигин талап кылуу кеч болуп калбайбы?! Эмнеге бийликтен сот адилеттигин орнотууну талап кылбас момун элбиз? Эмнеге алыс-жакын туугандарыңыз, жакындарыңыз абак жайларында соттордун адилетсиздигине зар какшап отурат?!

***

Өлкөбүздө үч жолу мамлекеттик төңкөрүш болгону менен, сот системасында кенедей өзгөрүү болгонун көрбөдүк. Төңкөрүштөрдүн башкы себеби - дал ошол сот системасынын калыстыгы жоктугу. Жогору жактын гана талабына жооп берер соттук чечимдер элди нааразы кылган үчүн төңкөрүштөр болду. Бирок эмне үчүн эл дагы эле соттордун наадандыгына моюн сунуп тынч отуруп берди?!

***

Мурдараак жазган күндөлүгүмдө мени Шаардык сотко адвокаты жок алып барышканын белгиледим эле. Кийин адвокатымдан сурадым эмнеге мурунку соттук териштирүүгө келбегенин. Кызыгы, адвокатым андан кабардар эмес экен. Дагы жакшы, өзүм юрист болбосом дагы сот курамына ишеним артпайм деп баш тартып койгом. Болбосо адвокатым жок тергелген ишиме дагы кандай эпизод кошулмак? Булар мамлекеттик телеканалдар аркылуу О’Шакир сотто мына мындай деди деген жаңы мифтерди жаратышмак да, өз көзүмдү өзүмө тазалатышмак окшойт. Адвокаты келген жок деген шылтоону чырмашмак. Ошону менен маалыматтык манипуляция жайылмак коомго. Айтор, соттордун амалына айла жок болуп калыптыр!

***

Абакта мен “камалгандан коркпош керек”, “тизгинин кагыш керек” дегеним үчүн “кылмышкер” саналып, темир торго камалып отурам. Ооба, камактан коркпойм мен. Менин максатым – абакта боломбу, эркиндикте жүрөмбү, мамлекеттик машиненин адилетсиздигине макул эместигимди коомчулукка жеткире айтуу. Менде азыр эркиндикте жүргөндөгүдөн да чоң мүмкүнчүлүк бар. Себеби соттордун колундамын. Алардын наадандык аракетине өз көзүм менен күбө болуудамын. Мен бул жактан эптеп керт башымды куткарып чыгуу аракети менен отурганым жок. Мен сот өкүмүнөн жүрөгү болк этип кетер абалда эмесмин. Бийликтин өзүм билемдиги менин айбатымды мокото албайт. Жогоруда мага козголгон кылмыштык негизден кылым кыйшайбайт. Анткени “тизгинин кагыш керек” же “камалгандан коркпош керек” деген эки эпизоддо тең кылмыш элементи болушу мүмкүн эмес. Тескерисинче, так ушул эпизоддор үчүн менин коом алдында жүзүм жарык.

“Уурунун арты кууш” дегендей, бул эпизоддор менин тагдырымды чече турган соттордун тамырын кыркат акыры. Бийлик алмашып, адилеттик заман келгенде менин ишимди караган соттордун орду абакта болоруна толук ишенем.

***

Биздин эл социалдык кыйынчылыктарга, жокчулукка, турмуштун оор сыноолоруна чыдашы мүмкүн, бирок адилетсиздиктин кордолгонуна чыдабайт. Үч жолку төңкөрүштүн натыйжасынан көрдүк муну. Адилетсиздикке каршы селдей агып, кыйсыпыр сала турганын көрсөттү. Мен ошол себептен темир тор артында отурсам да бийликтин тизгинин кагуу принцибимден тайбайм. “Айткан сөз – атылган ок” мен үчүн. “Камалгандан коркпош керек” дедимби, демек темир тор ичинде да мен өзүмдү бечара сезбейм!

***

МЕНИН МҮДӨӨМ

“Айтылган сөз – атылган ок!” мен үчүн. “Камалгандан коркпош керек!” – дедимби?..

Эч коркпойм камактан,

Ырастаймын кебимди!

“Кагыш керек тизгинин!” – деп айтканмын,

Мунумдан да кайтпаймын!

Жел сөз эмес чакырыгым, бурадар!

О бүгүнкү бул абал –

Өлкөбүздү алып барат туюкка.

Жексурларга бүтүш керек бул амал!

Тизгиндерин кагыш керек!

Жүрөк оттой жаныш керек!

Митингдерге барыш керек!

Кылмыш эмес – милдетиң!

Бул ар кимдин эркиндиги, укугу!

Жемкорлордун, жексурлардын тукуму

Сайраңдаган, тайраңдаган өлкөмдө –

Тилди тишке катпаймын!

Эч бекинип жатпаймын!

Аракетим анык демек:

Тизгиндерин кагыш керек!

Адилеттик талап кылып бийликтен,

Камалгандан коркпоймун!

Жалындаган оттоймун!

Дүрмөттөлгөн октоймун!

Жашагым бар адилеттүү өлкөдө.

Камыр болот чийки бышкан көңкөдө –

Идеялар болбош керек камырдай

Идеялар бышсын кызыл бөлкөдөй!

Быкшыбайлы, түтөбөйлү –

Кызыл оттой жаналы!

Карыга да, жашка да

Эч коркунуч болбош керек

Жексурлардын камагы!

Адилетсиз бийликке

Элдин катуу болуш керек талабы!

28.09.23

"Азаттыктын” окурмандарына эми темир тор артында отургандардын жашоосун чагылдырар чакан аңгемемди сунуштагым бар. Ал аңгемени ушул күндөлүктү жазып отуруп, дене бой уюган кезде тарткан мүшкүлүмдөн улам жаным жай алганда жаздым. Бирок колум калем кармоого араң жарап, манжаларым жооруп кеткенине карабай жазып отурам.

МҮШКҮЛ

(аңгеме)

Эки жума мурун жанымдагы шеригиме колуктусу уйдун жиликтүү жеринен 5 килограммдай чийки эт жөнөтүптүр. Азабын мен тартып отурам. Шеригим өзү оокатка эби жок, колдойгон неме. Өзү шаарда чоңоюптур. Анан анын эт кесүүгө эби жогу белгилүү да.

Эт эки жумадан ашык муздаткычтын тоңдурмасында жатты. Кечээ кол тийгизсем, муздай катыптыр. Жибисин деп тоңдурмадан алып койгомун.

Таң эрте туруп карасам, чала жибиптир. Муздак сууга көпкө чыладым.

Жибиген соң этти 3-4 бөлүккө ажыратмак болдум. Колумда пластмасса бычак. Ишенгеним – бычактын араа тиштери. Эптеп сулп эттерин тилгеним менен, тарамышына жеткендеги мүшкүлүмдү айт. Тиягынан айлантам бычакты, быягынан айлантам, жирей алсамчы бир. Абактын азабы бычакта экенин эбак түшүнсөм да, бу жолу темир тордогу жашоо тойгудай кылды мени...

Бала күнүмдө далай мал кайтардым. Ошондо алдыда айдаган мал аска бооруна же кечмелиги жок чоң сууга кептелгенде, айланып өтө албай куурачумун. Желим бычак да ошентип кууратты. Тарамыш менен чарын этти айланып өтө албай, мүлтүңдөтүп тыягын жирейм, биягын жирейм, аска боорунан ашып өтө албас малга окшоп, бычагым да кептелген жеринен өтө алсачы ары. Чоң кечмеликтин аркы өйүзү жакын эле көрүнгөндөй, бодо малдын кызарган этинде бир кенедей тарамыш турат - аркы жээк, берки жээкти бөлгөн дайрага окшоп. Же көпүрө таппайм, же тайыз кечмелик таппайм!..

Этсиреген жаным бүгүн былкылдатып эт кайнатып, шорулдатып сорпо ууртагым келген үчүн бодо малдын эти менен алыштым да, болбосо мынча мүшкүлгө чыдамым жок эле эркиндикте жүргөнүмдө.

Акыры эс ооду. Кол жооруду. “Кой, таң атсын” , - дедим. Мындайын билгенде эки күн мурда колумдун тырмактарына тийбейт элем. Тырмакты да жаңырган айга окшотуп кертиги жок тегиз тазалаганымды кантейин. Эч болбосо этти тырмактарым менен тытмаласам да: чарын эттин аркы өйүзүнө өлүп-талысам да өтмөкмүн. А мулуйган тырмактар неге жарасын?

Мен азыр жука чоң кашыктын сабын тырмак алгычтын өгөөсүнө кайрап отурам. Эгер мизин курчута алсам, керекке ошол жарайт!

... Жок! Болбоду. Көп алыштым. Темирге темирди өгөөлөйм деп, колум жыртылды.

Кароолдо тургандардан бычак сурагамын бая эле, алып келише элек. Өткөндө бир бычак керек болгонунан сурасам, кыйылып атып беришти, бирок “биздин көзүбүзчө керектүү оокатыңды туурап алып, дароо бер” дешкен.

Булар мага бычак карматкандан да кооптонушса керек...

Этти бүкүлү кайнатайын десем, идиш кичине. Беш бармак көздөн учканычы. Башка тамак толтура. Бирок бүгүн этти эзилте бышырсам, картөшкөбүз бар, жука тилинген камыр, пияз, кара мурч турат. Ак серкеге деп айранды кечээ шеригимдин колунан алып койгомун. Баары эле турат, бычак жок.

“Өлүп көрүптүрмүнбү?” дегендей, шеригимдин колуктусу деле мурда абак жашоосун көрбөсө, ал кургур деле сулп этти бөлүп-бөлүп жөнөтүштү кайдан билсин. Аны да айыптап болбойт. Тек, темир тор артындагы жашоо кандай болорун элибиз биле жүрсө деген кеп бу...

Эмне бар, эмне жок...

28.09.23

***

Жанымдагы жигит мен жасаган тамактардын кыныгын алды. Сарамжалдыгыма андан бетер таңгалып бүтө элек. Себеби бул жакка келинчектерибиз тамак-ашты канчалык көп убарачылык менен киргизерин билип туруп, бул жактан биз да сарамжал болбосок, ысырапкорчулугубуз кудайга жагабы? Кимге жагат?..

***

Муздаткычтагы айылдан келген каймагыбыз ачып кеткени аз келгенсип, көгөрүп кетиптир. Мен аны сызгырып сары май жасап, күрүч ботко кайнаттым. Вах, чиркин! Даамын айт... Чөбөгөсү кошо боткого салынган сары майдын даамы, жыты абакта укмуш экен.

***

Ыраматылык биринчи келинчегим мыкты ашпоз болгон үчүн Ысык-Көлдө жети жыл кафе иштеттик. Ашпоздуктун көп сырын ошондо үйрөндүм. Кийин Света каза болгон тушта, чиедей балдарым апасы жасаган тамактарды эстеп куса болбосун үчүн Света колдонгон кулинария боюнча энциклопедияны карап, далай тамактын түрүн жасайт элем. Анын үстүнө эки уулум кенедейинен апасынын тамагына өтө кынык алып өсүштү. Алар кафе-ресторандын тамагына да ыраазы болбойт эле кээде. Мына анан апасынан айрылган балдарыма кошомат кылгандан башка аргам канча... Экөө эмне заказ берсе да катырчумун. Кийин Назгүл экөөбүз үйлөнгөнүбүздө, мени ошол күйгүздү. Азил-чыны аралаш тамашасы бар эле анын:

- Олжоке, менин колума башкасын өткөрсөң да, кухня өзүңдүн колуңда болсунчу, - деп.

- А мен катын алганым кайсы?.. – деп, ошондон бери Назгүлдөн казан-аяк талаша элек болчумун...

***

Үйдө балдарыбыз кээде мага атайы заказ берип калышат:

- Ата, сиз жасаган тамакты сагындык, - дешип...

Буюрса, эркиндикке чыкканымда Назгүлдүн өтүнүчү толук аткарылат окшойт. Ал деле жаман ашпоз эмес, бирок анын түйшүгүн жеңилдетем буюрса.

***

Мендей тынч жүрбөгөн эр бүлөгө Назгүлдөй асыл жар ашпоздук түйшүктү артмак тургай, көмүр каздырса да куп жарашат.

28.09.23

Түрмөдөгү адамда өзүн өзү сактоо инстинкти өтө тез ойгонот окшойт. Бул жакка тез жардам чакыруу да мүмкүн эмес. Айтор, бардык ооруну алдын алуу аракетин кылышат баары. Башканы билбейм, мен өтө жаны таттуулардан болсом керек: келгенден тарта өзүмө жакшы карадым. Колдон келишинче тамакты мүнөздөп жеп, айланамды таза кармоо менен күрөшүп келем. Темир тор ичиндеги тартип, тазалык биринчи орунда турбаса, оору деген балээ кай жерде бугуп, аңдып жатканын билбейсиң.

Эркиндикте жүргөнүмдө баланча коррупционер абакта ооруп жатыптыр деген маалыматтар көп кезигер эле. Алар эле кантип тез ооруп калышат, табышмак. Сыягы, реалдуулукка караганда саясый амалы көбүрөөк болгону үчүн кооррупционерлерди оору аңдып турса керек бул жакта...

Албетте, баары эле арамза дегенден алысмын, айрымдарынын оорусу ырас экенин врачтар эле аныктайт го. Бирок өлкөбүздүн тарыхында ири коррупционерлердин көбү анткорлонуп эле ооруп калгандай туюлат.

Мени да табалай тургандар четтен табылышы мүмкүн. Ошондуктан бул жакта ден соолук үчүн күрөшүш керек. Себеби мен мамлекеттик машиненин адилетсиздиги үчүн күрөшкүм келген апендимин...

***

Бул Күндөлүгүмдү эми төмөндөгү ыр менен жыйынтыктайын, азиз окурманым!

БОРБОР АЗИЯГА ЧАКЫРЫК

Уксун мени Бүткүл Борбор Азия!

Баш ийбестен баарың хандык таажыга:

Эркиндикке шилтегиле кадамды,

Калсын артта түркөй заман, караңгы!

Жакырчылык болбош керек!

Жашообузду оңдош керек!

Чегаралар болбош керек!

Тосмолорду койбош керек!

Өзбек, тажик, каракалпак,

Азербайжан, түркмөн, ооган,

Казак, кыргыз –

Бири бирин колдош керек!

Жеке хандык башкарбасын,

Тилди кесип, башты албасын!

Эркин ойлон, эркин сүйлө!

Дүйнөгө дүңгүрөсүн биздин күчтүү континент!

Жерлериң чачкан кудай береке,

Кенен берген. Кут буюрбай бөлөккө:

Какыраган чөлдү бейиш кылышкан.

А биздечи? Жакырчылык, жардылык...

Кремлден чоң калдайган көлөкө

Түшүп турат, эркиндикке зар кылып!

Эй күнөстүү Бүткүл Борбор Азия!

Чык эртелеп көлөкөнүн алдынан!

Душман болбо бири-бириң аңдыган!

Чегаралар тоспогун!

Тегерегиң – досторуң!

Боордош элдер – коңшулар!

Бири бириң коштогун!

Россияга тентип, азып тозбогун,

Сен ал жактан канча мерте боздодуң!

Өз жолумду табам десең,

Москвага кылчайба!

Карагыла, Батышка!

Бет алгыла, Батышка!

Чегаралар ачылсын,

Коңшу-колоң катышка!

Уксун мени Бүткүл Борбор Азия!

Баш ийбестен баарың хандык таажыга:

Эркиндикке шилтегиле кадамды,

Калсын артта түркөй заман, караңгы!

29.09.23

XS
SM
MD
LG