Израилде соңку окуяларда кыргыз жарандары жабыркаганы тууралуу маалымат түшпөгөнүн 8-октябрда “Азаттыкка” Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчилигинен (резиденциясы Түркиянын борбору Анкарада жайгашкан) кабарлашты. Элчилик израилдик расмий мекемелер жана ал жактагы кыргызстандыктар менен байланышта (телефон номуру +90 5456896800) иштеп, алардын коопсуздугу үчүн кырдаалга мониторинг жүргүзүп жатканын маалымдады жана кооптуу аймакка баруудан кармана турууга чакырды.
Расмий маалымат боюнча, Израилде жашаган кыргыз жарандарынын саны 38, консулдук каттоодо тургандары 9 адам.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 8-октябрга караган түнү ХАМАС тобунун аскердик жана өкмөттүк потенциалдын жок кылуу боюнча аскердик өнөктүк баштоого Коопсуздук кабинетинен макулдук алганын жарыялады.
ХАМАСтын өлкө түштүгүнө 7-октябрда жасаган чабуулунан 600дөй адам каза болду, 2 миңден ашуун адам жараат алды.
Газанын Саламаттык сактоо мекемеси палестин тараптан 300дөн ашуун адам каза болгонун, 2 миңдейи жараат алганын маалымдады.
Jerusalem Post басылмасы 750 израилдик дайынсыз болуп жатканын кабарлады.
ХАМАСтын жоочулары бутага алган объектилердин бири Газа сектору менен чектеш тилкеге жакын жердеги Негев чөлүндө өткөн Nova Festival музыкалык фестивалы болду. Ишемби күнү ал жерде израилдик жаштардан 2 миңдей адам чогулган. Чабуул учурунда фестивалдын көптөгөн коноктору өлтүрүлүп, калгандары барымтага алынган жана Газа секторуна жеткирилген.
Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана бир катар мамлекет ХАМАСтын чабуулун айыптаган билдирүү жасашты.