Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Түркмөнстанда VPN орнотуу кызматын көрсөткөндөр кармалууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабадда уюлдук телефондорго жана башка гаджеттерге VPN орнотуу кызматын көрсөткөндөр кармалууда. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы жазды.

Маалыматка караганда, алардын бири 15 суткага камалып, 15 миң манат айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Түркмөнстанда мындай кызмат көрсөткөндөр негизинен көмүскөдө иштейт. 2020-жылы жарандардын телефондоруна VPN орнотуп бергени үчүн 30дай киши 15 суткага камалган.

Расмий Ашхабад VPN колдонгондорго басым жасап келет. Мамлекеттик кызматкерлердин жана студенттердин уюлдук телефондору дайыма текшерилип турат.

Түркмөнстан жыл сайын Басма сөз жана интернет эркиндиги боюнча эл аралык уюмдардын тизмесинде акыркы орундарды ээлейт. Өлкөдө социалдык түйүндөр жана "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун сайттары ачылбайт.

2022-жылы Түркмөнстан дүйнөдө интернеттин ылдамдыгы эң жай жана бөгөттөлгөн сайттардын саны көп өлкөлөрдүн катарына кирген.

Ошону менен катар Ашхабад глобалдык интернетке байланышы жок Улуттук санарип желесин түзө турган дымактуу пландарын жар салып келет.

Виртуалдык жеке түйүн (VPN) колдонуучунун жеке маалыматын жана анын кайда турганын, серверге кайдан кошулганын жашырууга жол берет. Дүйнөдө интернет коопсуздугунан улам VPN түйүндөрүнүн популярдуулугу артууда.

Орусия сыяктуу маалымат алуу укугу чектелген өлкөлөрдө VPN-сервистерди бөгөттөшөт. Айрым авторитардык өлкмөттөр интернет трафикти көзөмөлдөө үчүн өздөрүнүн VPN-түйүндөрүн сунуштайт.

XS
SM
MD
LG