Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Коомдук транспорт үчүн тилкени кесип өткөндөргө айып пул салынат


Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн жол тилкелери.
Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн жол тилкелери.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти коомдук транспорт үчүн тилкени туура эмес жерден кесип өткөн унааларга айып пул салынарын эскертти. Бул тууралуу маалымат мэриянын сайтына жарыяланды.

Анда белгиленгендей, бөлүнгөн тилкелерде коомдук транспорттон башка автотранспорттордун киришине тыюу салган тиешелүү жол белгилери орнотулган. Линиядан башка жакка бурулуу үчүн да тиешелүү жерлер мерчемделген. Аны бузуп, туура эмес жерден линияга киргендерге да административдик чаралар каралган.

Мэриянын департаменти коомдук транспорт үчүн тилкеде эреже бузгандарды аныктоо үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын тескөөчүлөрү иштеп жатканын жана тиешелүү камералар коюлганын тактады. Мындан сырткары автобус менен троллейбустардын камераларына түшүп калган эреже бузуулар да инспекторлорго жөнөтүлүп, айып пул салынат.

Августтун аягынан тартып Бишкектин Аалы Токомбаев көчөсүндө Нуркамал Жетикашкаева көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин эки багытта, Жусуп Абдрахманов жана Байтик Баатыр көчөлөрүндө Жибек Жолу проспектисинен Аалы Токомбаев көчөсүнө чейин коомдук транспорт үчүн өзүнчө жол тилкеси бөлүнгөн. Ал сары түс менен белгиленген. Бул тилкеге кирген башка автоунааларга айып пул салуу 2-сентябрдан тартып башталган.

Бишкек мэриясы шаардыктар коомдук транспортко көбүрөөк түшүүгө кызыкдар боло тургандай система түзүүгө киришкенин мэр Эмилбек Абдыкадыров 2-сентябрда журналисттерге билдирген. Ал автобус, троллейбус жүргөн чоң жолдорго алар үчүн өзүнчө тилке ачуу бул системаны иретке келтирүүнүн негизги ыкмасы экенин айткан. Айрым аялдамалардын орду өзгөрүп, жол боюна машина токтотууга тыюу салынарын белгилеген. (ErN)

XS
SM
MD
LG