Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

Кемпир-Абад иши боюнча сот 4-октябрга жылдырылды


Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум. 27-сентябрь, 2023-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум. 27-сентябрь, 2023-жыл.

27-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жараян болбой калды. Буга сот процесси өтө турган залда аудио жана видео жаздыруу аппараттары иштебегени негиз болду. Мунун алдында сот отурумун ачык өткөрүүнү талап кылган шектүүлөр залдан чыгарылган. Кийинки процесс 4-октябрга дайындалды.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушу тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Ушундан улам сот жабык өтүп жатат.

Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан. (BTo/TbA)

XS
SM
MD
LG