26-сентябрда Бишкектеги Novotel мейманканасында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлап, тилсиз жоону өчүрүүгө үч күжүрмөн топ тартылганын билдирди.
Өрттөн жабыр тарткандар бар-жогу жана өрт эмнеден келип чыкканы боюнча маалымат бериле элек.
Ушул эле мейманкананы 2021-жылы да өрт чалган. Novotel имараттын өрт коопсуздугуна байланыштуу системасы убагында иштеп, анын жайылышын алдын алууга мүмкүн болгонун кабарлаган.
Novotel мейманканасы франшиза катары Бишкекте 2021-жылы жайында ачылган. Бренд франциялык компанияга караштуу, ал эми мейманканага жергиликтүү ишкерлер ээлик кылат. (BTo)
Дагы караңыз
)