Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 24-сентябрдагы телекайрылуусунда Орусиянын бейпилдик күчтөрүнүн Тоолуу Карабактагы аракеттерин сындады.
Ал 2020-жылдын декабрынан бери Тоолуу Карабакта болгон окуялар, анын ичинде Лачын коридорунун "блокадасы" жана Азербайжандын соңку чабуулдары Орусиянын бейпилдик күчтөрүнүн "максаттары жана мотивдери тууралуу олуттуу суроолорду жаратарын" билдирди.
Мындан тышкары Тоолуу Карабакта "этностук тазалоо" коркунучу уланып жатканын, аймактагы армяндардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилик Азербайжан менен Орусиянын күчтөрүнүн мойнунда экенин кошумчалап, эгер зарыл болсо, Армения карабактык армяндарды кабыл алууга даярдыгын белгиледи.
Тоолуу Карабактагы кырдаалдан улам отставкага кетүү чакырыктарына туш болгон Пашинян расмий Еревандын Азербайжандын соңку операциясына кийлигишпегенин кайрадан Армениянын "коопсуздугу жана кызыкчылыгы" менен түшүндүрдү.
Азербайжан Тоолуу Карабактагы "антитеррордук" деп сыпатталган аскердик операциясын 19-сентябрда баштаган. Дээрлик 24 саатка созулган чабуулдардан кийин расмий Баку 30 жылдан ашык убакыттан бери Ереван колдогон армяндар башкарып келген Тоолуу Карабакка өз көзөмөлүн орнотконун жарыялаган. Расмий Баку Карабактагы жайкын тургундарды коргоого аларын, курал-жарагын таштаган карабактык армяндарга ырайым берилерин айтып жатат.
23-сентябрда Азербайжандын башкы дипломаты Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылуусунда Тоолуу Карабактагы "блокада", "гуманитардык кризис" жана "этностук тазалоо" сыяктуу айыптарды четке какты.
Ошол эле күнү сөз сүйлөгөн орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Армения жана Азербайжан өз ара маселелерин "жөнгө салганын" билдирип, эми "ишенимди бекемдөөгө убакыт келгенин", буга Орусиянын бейпилдик күчтөрү көмөктөшө турганын айтты.