Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:19

Экологиялык сот адилеттигинин абалын талкуулаган жыйын өттү


Экологиялык сот адилеттигин талкуулаган жыйын. Чолпон-Ата шаары. 2023-жылдын 15-сентябры.
Экологиялык сот адилеттигин талкуулаган жыйын. Чолпон-Ата шаары. 2023-жылдын 15-сентябры.

Экология көйгөйлөрүнөн улам чыккан талаш-тартыштарды чечүүдө сот адилеттигин камсыз кылуу маселеси бүгүн 15-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өткөн эл аралык конференцияда талкууланды. Иш-чараны Жогорку сот Кыргызстандын Судьялар ассоциациясы, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасы жана USAIDдин «Укук булагы» долбоору менен бирге уюштурганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Өз сөзүндө Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков табият чексиз болгондуктан экологиялык көйгөйлөрдүн ар бир адамга тиешеси бар экенин, аларды чечүү масштабдуу аракеттерди талап кыларын белгиледи.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков.
Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков.

«Мамлекеттик бийликтин бир бутагы болгон сот бийлиги мындай учурда көз жаздымда калбашы керек. Экологияга байланышкан талаш-тартыштар сотко чейинки тартипте тез жана натыйжалуу чечилиши зарыл деп эсептейм. Узак жылдарга созулган соттук териштирүүлөр айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан орчундуу, татаал иштер гана сотто каралышы зарыл”, - деди ал.

Экологиялык сот адилеттиги маселесин талкуулаган конференцияга судьялар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, юристтер, эл аралык эксперттер жана экологдор, жалпысынан жүздөй адам, ошондой эле Азербайжан, Армения, Казакстан, Молдова, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн сот системасынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Кыргызстандын тарыхында экология боюнча сотко чейин жеткен ири маселелердин бири Кумтөр алтын кенине байланыштуу. Кыргызстан менен канадалык “Центерра Голд” компаниясы доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага жараша Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Барскоон айылында цианидге уулангандар да бир топ жыл соттошуп жүрүштү. (RK)

XS
SM
MD
LG