Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:15

Армения менен АКШ биргелешкен аскердик машыгууларын баштады


Армениянын аскерлери Германияда өткөн эл аралык машыгууларга катышууда. Август-сентябрь, 2023-жыл. Архивдеги сүрөт.
Армениянын аскерлери Германияда өткөн эл аралык машыгууларга катышууда. Август-сентябрь, 2023-жыл. Архивдеги сүрөт.

Армениянын Коргоо министрлиги билдиргендей, "Eagle Partner-2023" деп аталган аскердик машыгуулар 11-сентярда башталды. Маалыматка караганда, анын башкы максаты армян күчтөрүн эл аралык тынчтык орнотуу миссияларына катышууга даярдоо.

Аскердик машыгуулар Еревандан алыс эмес Зар жана Армавир полигондорунда 20-сентябрга чейин өтөт. АКШ билдиргендей, ага 85 америкалык жана 175 армян аскери катышат.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмун жетектеген Орусия машыгуулар боюнча тынчсыздануусун билдирди. Бул уюмга Армения дагы мүчө.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 10-сентябрда армян жетекчилигинин "аракеттерине өкүнүчүн" айтып, машыгуулардан "жакшы эч нерсе күтпөстүгүн" билдирген. Ал эми Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков "Москва кырдаалга көз салып турарын" айтты.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги Армениянын элчисин Еревандын "достукка жатпаган" кадамадарына, анын ичинде машыгууларга нааразылык билдирүү үчүн чакыртты.

Ал эми Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Орусияна Азербайжандын уланып жаткан агрессиясынан коргой албаганы үчүн айыптады. Буга чейин ал Армениянын Орусияга үмүт артышы "стратегиялык ката" болгонун билдирген.

2020-жылдагы алты аптага созулган согушта Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону кабарланган.

Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган. Москванын арачылыгы менен жетишилген келишимге ылайык, аймакка Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти жайгаштырылган.Ереван алар өз милдетин аткарбай жатканы үчүн сындап келет.

XS
SM
MD
LG