Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:46

Казакстанда Максим Галкиндин концертин өткөрүүгө уруксат берилди


Максим Галкин
Максим Галкин

Казакстанда орусиялык куудул, Украинадагы согуштан улам Орусиядан чыгып кеткен Максим Галкиндин концертин өткөрүүгө уруксат берилди. Анын продюсери Алексей Пучков Астана жана Алматы шаарларында концерт уюштуруларын билдирди.

Астана акимчилигинин басма сөз кызматы Галкиндин концерти 8-октябрда баш калаанын Борбордук концерттик залында өтөрүн ырастады. Ал концертте саясий темаларда тамашаларды айтууга эч кандай чектөө жок экенин кошумчалады.

Алматы акимчилигинин Маданият башкармалыгынын башчысы Гани Майлыбаев Максим Галкиндин концерти шаардагы Республика сарайында 9-октябрда өтөрүн билдирди.

Августтун аягында Максим Галкин бир нече айдан бери Казакстанда концерт өткөрүүгө уруксат ала албай жатканын билдирген. Ал "Инстаграм" социалдык түйүнүнө жарыяланган видеокайрылуусунда анын Алматы жана Астана шаарларында концерт өткөрүүсүнө "мамлекеттик деңгээлде" тоскоолдуктар болуп жатканын айткан. Астана жана Алматы шаарларынын акимчиликтери уруксат берилбеген себебин мурда артист тандаган күнү концерттик зал бош эмес болгону менен түшүндүрдү.

Максим Галкин Украинада согуш башталгандан бери орус бийлигин сындап, кан төгүүнү токтотууга чакырып келет. 2022-жылы ал жубайы Алла Пугачева менен чогуу Орусиядан чыгып кеткен. Учурда Израилде жашашат.

Федералдык телеканалдар анын катышуусундагы жарнамалардан баш тартып, "Биринчи каналдагы" "Бүгүн кечинде" берүүсүнүн алып баруучулук жумушунан четтетишкен. Көп өтпөй бийлик аны чет элдик агент деп тапкан. Өткөн жылы сентябрда кыска убакытка Орусияга кайтып барган Алла Пугачёва да согушту айыптап жүргөнүн айтып, бийликтен өзүн да чет элдик агент деп таанууну талап кылган.

Галкин социалдык түйүндөрдө жана чет өлкөлөрдөгү концерттеринде дайыма согушка каршы пикирин ачык айтып келет.

Буга чейин коомдун талабы менен Казакстанда согушту колдогон орусиялык Полина Гагарина, Григорий Лепс, Лариса Долина сыяктуу ырчылардын концерттерине тыюу салынган. Мындан тышкары согушту колдогон актёр Сергей Глушко катышкан спектакль да коюлбай калган.

XS
SM
MD
LG