Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:23

Министрлик: Окуучуларды китеп менен толук камсыздоо үчүн 5 млрд сом керек


Мектепте жетишсиз болгон 1-класстын математика китеби.
Мектепте жетишсиз болгон 1-класстын математика китеби.

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда бардык мектеп окуучуларын китеп менен толук камсыздоо үчүн 5 млрд сомдон ашык каражат талап кылынарын билдирди. Мекеменин сайтына чыккан маалыматка ылайык, орто эсеп менен бир окуучуга 10 китеп керек жана бир китептин баасы 300-350 сомду түзөт. Жыйынтыгында өлкөдөгү 2 млн 447 миң 717 окуучуну китеп менен камсыздоо үчүн 5 млрд сомдон ашык акча талап кылынат.

Министрлик быйыл 1 млн 278 миң нускада окуу китептери, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор жана жумушчу дептерлер басылып чыгып, сентябрь айынан тарта мектептерге жеткириле баштаганын кошумчалады.

2023-жылы республикалык бюджеттен окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга китеп ижарасынан түшкөн каражатты кошкондо 324 млн сом каралган (152 млн сом республикалык бюджеттен, 172 млн сом китептин ижарасынан түшкөн каражат). 2023-2024-окуу жылында бир китептин жылдык ижара акысы 25 сом деп белгиленген. Бул окуу жылында мектептерде 110 аталыштагы окуу китеп ижарага берилет.

Социалдык тармактарда Кыргызстанда мектеп окуучуларына китептер жетишпей, ата-энелер билим берүү мекемелеринде жок китептерди базарлардан сатып алып жатканы тууралуу билдирүүлөр чыгып жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG