Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:36

Мыйзам бузууларды аныктаган аңчылардын айлыгын көтөрүү сунушталды


“Илбирс” фондунун фотокапканына илинген илбирс.
“Илбирс” фондунун фотокапканына илинген илбирс.

Аңчылык жана мергенчилик чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды аныктап, бөгөт койгон аңчы, егер жана инспекторлорго дем берип, айлыгын көбөйтүү сунушталууда. Буга байланыштуу мыйзам долбоору 4-сентябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында экинчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Демилгечилердин бири, депутат Жалолидин Нурбаев мыйзам долбоору жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктаган адамдарга дем берүү максатында иштелип чыкканын белгиледи.

"Айлана-чөйрөнү коргоо мекемесинин кызматкерлеринин (егерлердин, аңчылардын, инспекторлордун) эмгек акысынын аздыгын эске алуу менен, өндүрүлгөн суммадан 30 пайыздан 50% чейин дем берүүнүн деңгээлин жогорулатуу сунушталууда. Бул сапаттуу коргоону жүзөгө ашырууга, жаратылышты коргоо мыйзамдарынын ченемдерин бузулушун азайтууга мүмкүндүк берет", - деди депутат.

Талкуу маалында Министрлер кабинети депутаттардын демилгесин колдой турганы айтылып, депутаттар мыйзам долбоорун жактырышты.

Кыргызстанда Кызыл китептеги жаныбарларга зыян келтирген, өлтүргөн учурлар буга чейин дагы катталып келет.

Мыйзамга ылайык, аркар, бугу-марал, аюу атып алган мергенчилерге 1 миллион сом айып салынат. Ал эми ак илбирске 1,5 миллион, тоо текеге 100 миң сом айып каралган. Кызыл китепке кирген жаныбарлардын терилерин колдонгондорго салына турган айыптын өлчөмү 1,5 млн сомду түзөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG