Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:19

Калугада мигранттардан армия менен келишим түзүүнү талап кылып жатышат


Полиция кызматкерлери мигрантты кармап баратат. 30-сентябрь, 2021-жыл. Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.
Полиция кызматкерлери мигрантты кармап баратат. 30-сентябрь, 2021-жыл. Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Калуга облусунда бийлик мигранттар Украинадагы согушка катышуу боюнча келишим түзмөйүнчө, алардын жарандыкка тапшырган документтерин албай жатат. Бул тууралуу жергиликтүү укук коргоочулар билдиришти.

«Адам укуктары үчүн» уюмунун башчысы Татьяна Котляр «7х7» Телеграм-каналына мындай беш окуя тууралуу айтып берген.

Орусияда Мамлекеттик Думада келерки аптада жарандык алган, армияга барбай, аскердик милдетин өтөбөгөн мурдагы мигранттарды жарандыктан ажыратуу тууралуу мыйзам долбоору караларын жакында Аймактык саясат жана өз алдынча башкаруу комитетинин башчысы Михаил Матвеев билдирди.

Буга чейин ал орус жарандыгын алгандар өлкөнүн мыйзамдарына ылайык аскердик каттоого турбаса, аскердик милдет өтөөдөн баш тартса, бул жагдай аларды жарандыктан ажыратууга негиз болорун айткан. Ошондой эле аларды депортациялоону, үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрүн дагы жарандыктан ажыратууну сунуштаган.

Орус мыйзамдарына ылайык, бул өлкөнүн жарандыгын алган, аскерге жарамдуу адам колуна паспорт тийгенден кийин эки аптанын ичинде аскер комиссариаттарына барып каттоого турушу керек.

2023-жылдын 16-августунда Орусиянын бир катар аймактарында, анын ичинде Санкт-Петербургда эки күндүк рейд маалында полиция орус жарандыгын алып, бирок аскердик каттоого турбаган жүздөй чет өлкөлүктү аныктаган. Алардын баары калаанын Фрунзе райондук аскер комиссариатына жеткирилген.

XS
SM
MD
LG