Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:11

АКШ талибдерди ооган аялдарынын укугун сактоого чакырды


Ооганстандагы сулуулук салону жабылууда. 2023-жыл, 24-июль.
Ооганстандагы сулуулук салону жабылууда. 2023-жыл, 24-июль.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кабулдагы режим ооган аялдарынын укугун сыйлап, сактаган шартта гана Кошмо Штаттары "Талибан" кыймылы менен мамилесин жакшыртуусу мүмкүн экенин билдирди.

Ал Вашингтондо 15-августта талибдердин бийликке келишинин эки жылдыгына карата журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Мамкатчынын сөзүнө караганда, Вашингтон аталган кыймылдын берген убадаларын аткарышына, айрыкча аялдар менен кыздардын укугун сакташына байкоо салып турат.

"Биз жана дагы ондогон мамлекеттер "Талибандын" жетекчилерине мамилени жөнгө салуу Ооганстанла аялдардын жана кыздардын укугу чындап сакталган шартта гана мүмкүн экенин так билдиргенбиз", - деди Блинкен.

Талибдер бийликке келгенде байистүү саясат жүргүзүп, аялдар укугун шарыяттын негизинде сактоо тууралуу убада берген.

Бирок соңку эки жылда аялдар укугу кыйла чектелди, кыздардын билим алышына тыюу салынды. Аялдар парк, жармаңке өңдүү коомдук жайларга, спортзалдарга бара албай калды жана такай чүмкөнүп жүрүүгө милдеттүү болду.

Өткөн айда Ооганстанда сулуулук салондору жабылды.

XS
SM
MD
LG