Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Корей жана чех маданиятын Кыргызстанда көргүсү келген Мунарбек


Чехия. Карлов көпүрөсү — Прагада Влтава дарыясы аркылуу өткөн орто кылымдагы көпүрө
Чехия. Карлов көпүрөсү — Прагада Влтава дарыясы аркылуу өткөн орто кылымдагы көпүрө

Мунарбек Мамаев алты айдан бери Чехияда автоунаа тетиктерин чыгарган заводдо иштеп жатат. 32 жаштагы жигит Европага келгенге чейин беш жыл Түштүк Кореяда иштеген. Чет өлкөгө чыгууну Жалал-Абадда унверситетте окуп жүргөндө эле чечкен Мунарбек менен Праганын айтылуу Вышеград аймагында туруп сүйлөштүк.

Түркияны самап, бирок Түштүк Кореяга бардым

- Башында Түркияга кетүүнү ойлогом. Түрк тилин үйрөтүүчү курстарда окудум. Мына кетем деп турганда аттан жыгылып, бутумду кокустатып алдым. Кетпей калганыма кейип үйдө жатсам, сыналгыдан Түштүк Кореяга жумушка чакырган жарнама кетип калды. Дароо телефон чалдым. Тил үйрөнүү керек экен, балдак менен басып жүрүп окудум. Экзамен тапшыргандан кийин Москвага кетип калгам. Ал жакта иштеп жүрсөм, чакыруу келди. Ошентип Түштүк Кореяга сапар тарттым.

Түштүк Корея.
Түштүк Корея.

Түштүк Кореядан бизди тосуп алгандар үч күндүк лагерге жаткырышты. Бул убакыт ичинде өлкөнүн мыйзамдары, каада-салттары менен тааныштык. Андан кийин келишим түзгөндөр келип алып кетти.

Алгач Оньянг-онч'он (Onyang-onch'ŏn) деген шаарына бардым. Сеулдан бир топ алыс. Алты ай иштеп, башка жакка кеттим. Экинчи жумушумда төрт жыл иштедим. Эмерек жасаган жерде атайын таштар менен желим аралашкан заттан үстөлдүн бетин жасачубуз.

- Түштүк Корея эмнеси менен эсте калды? Алардын ишкерлеринен эмнелерди үйрөнсө болот?

- Түштүк Кореяда иштетип алып акчасын бербей койду деген адат жок. Иш берүүчү менен келишим түзөсүң. Миграциялык борборлор жакшы иштейт, кокус көйгөйүңүз болсо чечип алганга жардам берет. Биринчи барган жумушумда миң доллар маяна алчумун. Ал кезде Кыргызстанда миң доллар 44 миң сом болчу. Бирок бул айлык ал жакта аз экен. Мигранттардан сураштырып жатып башка ишке которулдум. Күнүгө сегиз саат иштейсиң, кошумча иштесең акчасын төлөп берет. Айына 2300 доллар алчубуз, тамакты өзүбүз жасап жеп жаттык. Мурда-кийин жеп жүрбөгөндөн кийин ал жактын тамагына көнүү оор болду.

- Түштүк Кореядан эмнени үйрөндүңүз, көз караш өзгөрдүбү?

- Корейлер маданияттуу, кичипейил болушат экен. Адашып калсаңыз бара турган жериңизди көрсөтүп, кээде сиз менен кошо барып таап беришет. Корейче сүйлөсөңүз сүйүнүп кетет. Алгач барганда тилден кыйналдык. Аз-аздан үйрөнүп жүрүп кийин көп сөздөрдү кошуп сүйлөп калдым. Полиция көчөдөн дайыны жок токтотуп, документ текшербейт. Кайрылсаң сылык мамиле кылат. Иштеген жерибиздин кожоюну жылына 300 доллардан кошумча акча, беш күндүк эс алуу берчү. Тоого чыгарып эс алдырган күндөр болгон.

- Түштүк Кореялыктар биздей эле азияттар да, алардын өнүгүп жаткан сырына кызып көрдүңүзбү?

Корея
Корея

- Мээнеткеч болушат экен. Үйүнүн жанындагы азыраак жерге деле көп нерсе эгип, пайда таап алышат. 80 жаштагы карылар деле иштей берет. Эң кызыгы мамлекетке жардам берели деп көчөдөгү айрым жумуштарды өз ыктыяры менен акысыз жасагандар көп. Жаштары билим алуу менен алек. Окубай калгандары завод-фабрикаларда иштешет экен.

- Жаңы барганда тамак-ашына көнө албай кыйналсаңыз керек?

- Мени менен кошо иштеген агам экөөбүз ар жекшембиде бир ашканага барып, эт жеп келчүбүз. Ал жерге киргендер көбүнчө ичимдик ичет экен. Биз болсо эттен көп салып жейт элек да. Бир күнү барсак, ашпозчу киргизбей койду. Орун жок дейт, карасак орундуктар бош эле турат. Көрсө этти көп жейт деп киргизбей койгон экен (күлүп).

Чехия. Вышехрад
Чехия. Вышехрад

- Кыргызстанга келгенден кийин эмне иш кылдыңыз?

- Түштүк Кореяда беш жыл иштеп Кыргызстанга келгенде үй салдым, үйлөндүм, жакындарыма жардам бердим. Кыргызстанда 2018-жылдан 2023-жылга чейин болдум. Бир топ жумуштарды жасап көрдүм. Бирок ишим жүрүшпөй койду. Акча түгөнгөндө кайра эле миграцияга кеттим.

Чехиядагы турмуш

Бул жолу Европага кетүүнү чечип, визага тапшырдым. Түштүк Кореяга деле барсам болмок бирок, үй-бүлөмдөн алыс, беш-алты жыл бөлөк жашоону туура көрбөдүм.

Чехия. Прага.
Чехия. Прага.

Европага бир жыл иштегенден кийин аялым менен баламды жаныма чакырып алам деген илгери үмүт менен келгем. Бирок айлык аз, мүмкүнчүлүктөр жакшы эмес экен. Ортомчу агенттиктер мактагандай болбой калды. Ошентсе да бир көрүүнү кыялданган Европада иштеп жүрөм. Баарына шүгүр дейли эми.

Мунарбек иштеген Чехиядагы завод
Мунарбек иштеген Чехиядагы завод

- Дароо эле Чехияга келгенсиз да?

- Бизди жөнөткөн агенттик адегенде Польшадагы колбаса чыгарган цехке ишке орноштурган. Ал жерде чочконун этинен колбаса жасайт экен. Бизге берген тамагы бул жаныбардын этинен болгону үчүн жана цехтин жытына чыдабай калгандыктан кетүүнү чечтим.

Польшага келе жатканда аэропорттон кыргызстандык бала менен таанышып калгам. Экөөбүз кимибизде жумуш болсо чакыралы деп сүйлөшкөнбүз. Ага чалсам, келе бер деди. Ал дагы Европага биринчи жолу келген экен. Бир күндөн кийин Польшанын Жешув шаарына бардым. Машиненин тетиктери чыккан заводдо иштедим. 15 күн иштеп, маянасы аз болгондуктан дагы жумуш котордум. Учурда дагы бир тетик чыгарган жерде иштеп жатам. Европага келген алты айда төрт жолу иш котордум. Визам августта бүтөт, андан ары эмне кылсам деп ойлонуп жатам. Чехия жакшы өлкө экен. Калкынын чет жерден келгендерди өгөйлөп, кодулаганын байкабадым.

- Түштүк Корея менен Чехиянын айырмасы жана экөөнүн өзгөчөлүктөрү бар бекен?

Мунарбек Мамаев. Прага шаары.
Мунарбек Мамаев. Прага шаары.

- Түштүк Кореяда тамак-аш арзан, мигранттарга жумуш орундары менен шарттары жакшы. Документтериңди чакырган завод жасап берет. Тамак-ашка маянаңдан сырткары кошумча акча берет. Чехияда жумушка түз кирүү кыйын экен. Кээде ортомчулар иш таап берип, ал үчүн акча алган учурлар болду. Күнүнө 150 крон (600 сом) алсаң анын 20-30 крону ортомчунуку болот экен. Жаштарга Европага билим алуу үчүн гана келишин каалар элем. "Чет өлкөгө барам, дароо мынча акча табам" деп план койбош керек экен. Азыр "Европада же АКШда жүк ташуучу машине айдап жыргап атам дегендер" көп. Аларга ишенбегиле.

- Сиз эки өлкөнү тең көрдүңүз, сабак ала турган жактарын байкадыңызбы?

Чехия. Вышехрадагы тарыхый имараттар
Чехия. Вышехрадагы тарыхый имараттар

- Эки өлкө тең тазалыкка анан билимге басым жасайт.

Чехиянын тарыхый имараттарга, тарыхка кылган аяр мамилесине баа бердим. Мамлекеттин буюмун талкалап, бузуп кеткендерди көрбөдүм.

Бизде көпчүлүк кыргыз жаштары окууга көңүл бурбай жатат. Өлкө экономикасына билим да чоң таасир этет тура. Көпчүлүк жаштарыбыз үй салам, каражат табам деп күнүмдүктүн артынан түшүп мигрант болуп кетет. Бирок миграциянын көрүнбөгөн түйшүктөрү бар, күчтүүлөр чыдабаса, алсыздар сынат.

Түштүк Кореяда жаштардын баары окуу менен алек. IT тармагы боюнча көп окуп, технологияга ооп жатканын байкоого болот. Европадагы жаштар деле билимге маани берет экен. Кайсы заводго барбайын улуу муундагы адамдар же башка улуттун өкүлдөрү иштеп жаткан болот. Чех жаштары билим алып, эне тилинде сүйлөп, аны менен катар чет тилдерин, айрыкча англис тилин жакшы билет экен.

Мен дүйнө кыдырып иштеп жүргөн кыргыз жаштары мекенге жөн эле акча көтөрүп барбастан, билим, тажрыйбаны кошо ала барышыбыз керек деп ойлойм.

Чехиядагы атайын таштардан жасалган жолдор.
Чехиядагы атайын таштардан жасалган жолдор.

Мисалы, Чехияда шаар ичиндеги жолдорго таш төшөйт экен. Кооз жана сапатуу болуп турат. Бизге деле ушундай кылып жол салса болчудай. Көчөдө жүрүү маданияты жакты. Эли да, машинелери да шаар ичинде эреже бузбайт экен. Күндүз эс алуучу жайларда же көчөдө туристтерден башка жөн басып жүргөндөр сейрек. Турист толгон аймак болгону менен аларды жатыркап карап, жаман көргөн эч ким жок. Туугандардай мамиле кылат. Спорттук жайлар, парктар, музейлер көп. Мен өлкөмө ушундай шарттар менен маданиятты алып баргым келет.

Бардык өлкөлөрдүн өз тартиби жана мыйзамдары болот. Кандай болгон күндө да мигранттар барган жердин мыйзамын сактап, тилин үйрөнүп, өзүн маданияттуу алып жүрүшү керек деп ойлойм.

Мунарбек менен маек учурунан тартылган сүрөт. 2023-жыл.
Мунарбек менен маек учурунан тартылган сүрөт. 2023-жыл.
2023-жылы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Германиянын Миграциялык макулдашуулар боюнча атайын өкүлү Йоахим Штамп менен жолугушкан учурда жыл башынан бери 11 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөлөрдө ишке орноштурулганын билдирген.
Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Британия, Түштүк Корея, Венгрия, Түркия жана Германияга жөнөтүлгөн.
Британия өткөн жылы Кыргызстанга миң жумуш ордуна квота бөлгөн. Жумушчуларды тандоо, алар менен офлайн аңгемелешүүнү Британиянын Pro-Force компаниясы өзү жүргүзөрү маалымдалган. Социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Жапониянын KOBE International Trade Promotion Association ишканасы менен да келишимге кол койгон. Ага ылайык Жапонияга 300 кыргыз жараны жумушка жөнөтүлөрү кабарланган. Андан тышкары Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1 миң 800 квота бөлгөнү маалым болгон.
Жети миллион калкы бар Кыргызстандын 1,5 миллиондой жараны бүгүнкү күндө чет мамлекеттерде эмгек мигранты болуп жүрөт, алардын көбү Орусияда.

XS
SM
MD
LG