Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:04

"Эгемендиктин баркына жетүүнү эскерткен коркунучтар көп"


Кыргызстандын туусу. Архив сүрөт.
Кыргызстандын туусу. Архив сүрөт.

Кыргызстан эгемендигинин 31 жылдыгын белгилөөдө. Отуз жыл ичинде улам жаңы чакырыктар, чоң өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатабыз. Соңку учурларда дүйнөдө күтүлбөгөн геосаясий өзгөрүүлөр жүрүүдө. Аталган факторлордун эгемен өлкө үчүн оң жана терс жактары кандай болду?

Бул жана башка суроолор менен философия илимдеринин доктору, профессор Жамгырбек Бөкөшевге кайрылдык.

Жамгырбек Бөкөшев.
Жамгырбек Бөкөшев.

- Ушул тапта Кыргызстан менен чогуу көз карандысыздыгын жарыялаган Орусия менен Украинанын согушуна күбө болуп жатабыз. Туура жарым жыл мурун Орусия Украинага басып кирип согуш ачты. Бул уруштун постсоветтик өлкөлөргө сабагы кандай болот деп ойлойсуз?

- Албетте, бул дүйнөлүк коомчулуктун көңүл борборунда турган окуялардын бири. Ал эми ушул окуядан улам өзүбүзгө байланыштуу маселелерди ойлосок, биринчи кезекте, арийне, эгемендик, көз карандысыздык маселеси алдыга чыгат. Жалпы эле дүйнөнүн өнүгүш тенденциясын алсак, эксперттердин, саясат талдоочулардын айтымына караганда, дүйнөдө чоң тектоникалык өзгөрүүлөр болуп жатат. Ошол өзгөрүштөрдө биринчи кезекте мамлекеттер аралык алака, карым-катыш жана мамлекет менен элдин ортосундагы мамиле орчундуу болууда. Себеби бара-бара мамлекет дегендин, мамлекеттик бийлик дегендин өзүнүн мүнөзү, макамы өзгөрүп жатат. Дээрлик баардык эле өлкөлөрдө бийликтин ээси эл деп аталат эмеспи, бирок ал канчалык деңгээлде бийлике ээ экендигин түшүнүп, ошого жараша чечим кабыл алып жашап жатканы башка маселе.

СССР ыдырагандан кийин анын курамынан өз алдынча бөлүнүп чыккан мамлекеттерди Украинадагы жагдайга байланыштуу маселе, албетте, ойлондуруп жатат. Анткени өлкөлөр аралык болобу же өлкө ичиндеги бир кырдаалдан уламбы сырткы күчтөр кийлигишип, мындай акыбалга түшүп калыш бат эле. Айтор, жаңы эгемендикке жетишкен мамлекеттер өз бутубузга туруп, өз ордубузду ээлеп, дүйнөлүк коомчулукта улуттук кызыкчылыктарга байланышкан маселелердин (экономикалык, саясий, маданий-интеллектуалдык) баарын чечип үлгүрө элекпиз. Ошондуктан биз бул жагдайга олуттуу мамиле жасашыбыз керек.

- Дүйнөдө күтүлбөгөн геосаясий өзгөрүүлөр жүрүүдө. Айталы, постсоветтик чөлкөмдөгү өлкөлөр ошол эле Орусиянын таасирине, басым-кысымына кантип туруштук бере алат?

- Бул биринчи кезекте өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарды кандайча аныктайбыз, кандайча түшүнөбүз ошого жараша болот. Эгемендикке жеткенибизге 31 жыл болду, бул албетте, биринчи кезекте саясий көз карандысыздык. Бирок саясий көз карандысыздыктын келечеги кандай болот, ал канчалык деңгээлде бекем болот – бул бөлөк тармактардагы, алсак, экономикадагы эгемендикке байланыштуу. Биздин экономика мамлекетибиздин туруктуу өнүгүп кетишине канчалык деңгээлде кызмат кыла алат? Биз кандай мүмкүнчүлүктөргө, ресурстарга, дареметке ээбиз? Арийне, ошол эле учурда маданий, рухий эгемендик тууралуу айтпай коё албайбыз. Анын ичинде саясий көз карандысыздыкка салым кошкон тармактардын бири - бул интеллектуалдык эгемендик. Б.а. илим-билим жагынан биз канчалык даражада өз алдынча өнүгүп кете алабыз. Азыркы заманга жараша технологиялык көз карандысыздык дагы абдан зарыл.

Орусия Украина сыяктуу бөлөк өлкөлөргө дагы ушундай кысым көрсөтөт, эгемендигине доо кетирет, өзүнүн кандайдыр бир укугун таңуулоого аракет кылат деш туура эмес. Украинадагы Орусиянын операциясынын алдында бир нече жылдык тарых бар да. 2014-жылдан берки тарыхты эске алышыбыз керек. Ошондон берки эки өлкө ортосундагы келишпестик, чыр-чатак, Минск макулдашууларынын канчалык деңгээлде ишке ашканы, эл аралык күчтөрдүн, уюмдардын буга кийгилишүүсү. Айтор, бул жерде абдан чырмалышкан чоң маселе бар.

Ошол эле учурда Казакстандагы окуялардан кийин, Өзбекстандын Каракалпак автономиялуу республикасындагы чыр-чатактарга байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрү эгемендик маселесинде жана Орусия менен болгон мамилесине ойлонуп, талдап-баалап, ошого жараша чечим кабыл алышы абзел. Себеби жогоруда айтып өткөнүмдөй, биз экономикалык жактан, илим-билим жана технологиялык ж.б. жактан Орусия менен байланышыбыз бар. Албетте, Кыргызстандын муктаждыгы Орусия менен эле чектелип калбайт, биз көп вектордуу тышкы саясатыбызды жүргүзүшүбүз керек. Ошентип, өзүбүздүн көз карандысыздыгыбызды бекемдешибиз шарт. Бул – мамлекеттик бийликтин эле милдети эмес, Кыргызстандын ар бир жаранынын вазийпасы. Күнүмдүк турмушта ар ким өзүбүздүн тиричилигибиз менен алекпиз, бирок кээде мамлекеттин, элдин эгемендиги, өзүбүздүн тарыхый тагдырыбыз жөнүндө ойлоно турган учурлар болот. Мен мисал үчүн жаран катары президентти, депутатты шайлап жатам. Ал эми депутат деген парлементти түзүп жатат, мыйзам кабыл алып жатат. Демек, мамлекеттик бийликте менин бир добушумдун канчалык орду бар жана мамлекеттин эгемендигине, келечегине, өнүгүшүнө канчалык таасир эте алам – чечим кабыл алып жатканда ушул тууралуу ойлонушум керек.

- Отуз жыл ичинде улам жаңы чакырыктарга, чоң өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатабыз. Ошол эле учурда дүйнөдөгү миграциялык кризистин эпкини бизге катуу тийди. Ааламдашуу жараянынын масштабын да көрүп жатабыз. Аталган факторлордун эгемен өлкө үчүн оң жана терс жактары кандай болду?

- 2005-жылдагы революциядагы эң чоң ураандардын бири: "Улан-кыздарыбыз тентип кетти, элибиз бөлөк республикаларга барып жалданып иштеп жатат, ушуга Акаев жеткизди!" - деген ураан болду. Көпчүлүгүбүз кайсы бир деңгээлде Акаев кетсе, ордуна башка бийлик келип, бул маселени чечет деп ойлогонбуз да. Мигранттарыбыз азыркыга чейин Орусияда, дагы башка өлкөлөрдө жүрүп жатпайбы, атүгүл Европага чейин жетишти. Кыргызстандыктар Кыргызстанда эле жашап, иштеши керек деш азыркы учурда мүмкүн эмес. Өзгөчө азыркы маалыматтык технологиялар заманында, интернет, санариптешүү доорунда эгемендик деген автономия болуп, өз аймагында гана чектелиш калышы мүмкүн эмес экендигин турмуш көргөзүп жатат.

Ошол эле учурда биз башкаларга көз каранды болбой, өз алдынчалыгыбызды канчалык деңгээлде сактап калабыз, өз арабабызды өзүбүз тартып кете алабызбы, өзүбүзгө тиешелүү чечимдерди өзбүз кабыл ала алабызбы деген маселе турат. Экономикабыздын мүмкүнчүлүгүн, жаратылыш байлыктарын өздөштүрүү жагын жана башка маселелерди Кыргызстан өз жарандары аркылуу чечүүгө жетишүүгө тийиш.

Маектин аудиосун бул жерден угуңуз:
"Эгемендиктин баасына жетүүнү эскерткен коркунучтар көп"
please wait

No media source currently available

0:00 0:20:10 0:00

Эгемендик жөнүндө кеп кылганда кыргыз байыркы элдердин бирин экендигин эске алышыбыз шарт. Миңдеген жылдар мурда пайда болуп, кайсы бир доорлордо мамлекеттүүлүгүн түптөп, кайсы бир доорлордо мамлекеттүүлүгүн жоготуп, башка бир мамлекеттин курамында же бөлөк бир формада жан багып, жашап ушул кезге чейин жетти. Бул бир.

Биздин артыбызда кандайдыр бир тарыхый кыртышыбыз, кандайдыр бир тажрыйбабыз баары бир бар. Экинчиден, Советтер Союзу ыдыраганда башка элдердин баары эле эгемендикке ээ болгон жок да. Камылгасы бар, мүмкүнчүлүгү бар республикалар өз алдынча мамлекет болуп калды.

Демек, биз муну айтканда Жусуп Абдрахманов сыяктуу мамлекет түптөө деген эмне экендигин жакшы түшүнүп, ошого жараша аракет кылып, мындай улуу ишке өз тагдырын, өмүрүн арнаган агайларыбызды, эжейлерибизди унутпашыбыз керек. "Манасты" баш кылып, кыргыздын маданиятын, тарыхын жандандырып, аны эстеп, кийинки муундарга өткөрүп берели дегендер учурунда улутчул аталып запкы көрбөдүбү! Эгемендигибизге 31 жыл толду дегенибиз менен, андан мурунку тарыхыбызды да эске алышыбыз абзел. Башкача айтканда, артыбызда таяна турган, эстеп, ошонун маанисин түшүнө турган, бизге тирек боло турган нерселерибиз бар.

Ушул отуз жылдын ичинде өзгөрүштөргө, төңкөрүштөргө байланыштуу олку-солку болгон учурларыбыз болду. Жоголуп кетиши мүмкүн деген мамлекеттердин тизмесинде Кыргызстандын аты аталып калып жатты. Булардын баары биз үчүн коңгуроо болушу керек. Биз ойлонушубуз керек. Ойлонгондо биз эгеменбиз деп көкүрөк кага берген менен болбойт.

Саясий, диний араздашуулар, жиктешүүлөр чоң бир апаатка алып келиши мүмкүн. Социалдык, экономикалык ажырымдын да арты жакшылыкка алып келбейт. Бир ууч адамдар байлыкты колуна топтоп алып, жалпы калайык калк же иштейин десе иши жок, же мал-жандыгы жок каатчылыкка кабылса, бул дагы чоң маселе жаратышы ыктымал. Сарбагыштардын, бугулардын, саяктардын ж.б. курултайы деп, уруулук жиктешүү да ойлонто турган көйгөйгө айланып бара жатат. Илгертен эле кыргыздын уруу-уруктары жакшылык-жамандыктарда чогулуп, бири-бирине өбөк-жөлөк болгон. Азыр да ошол максат менен чектелсе бир жөн, а эгер саясий ураан чакырып, кандайдыр бир мамлекеттик маселелерди чечүүгө аянт боло турган түзүмдөргө айлана баштаса, мунун арты жаман болот. Мына ушулардын баары - биз эгемендиктин баркын түшүнүп, баасына жетишибиз керек экендигин бизге эскерте турган нерселер.

- Ушуга улай эле сурайын. Акыркы учурларда жаратмандык азайып, керектөөчү коомго айланып бараткан жокпузбу деген пикирлерди көп угуп калам. Кыргыз коому 31 жыл ичинде жаңы замандын чакырыктарына, өзгөрүүлөрүнө ыңгайлаша алдыбы?

- Жаңы нерсени жаратуу, жаңы нерсеге умтулуу, жаңы нерсеге жетүү адамдын табиятындагы нерсе. Силер жакшы билесиңер, өзгөчө өнүккөн өлкөлөрдө коомдук саясатты талдоочу Public policy деп коёт, think tanks - ой фабрикалары, аналитикалык-эксперттик борборлор бар. Ушул нерселерди бизде да мамлекет кандайдыр бир программалык деңгээлде колдоп, өнүктүрүшү абзел. Биз өз келечегибизди көрө билип, беш жылдан кийин, он жылдан кийин, отуз жылдан кийин эмне болору тууралуу серепчилер өз божомолдорун айтып, өз сунуштарын берип турушу керек. Эң эле жөнөкөй айтканда, бизде Борбор Азиянын чегинде аналитикалык-эксперттик борбор болушу зарыл. Кошуна өлкөлөр менен мамилебиз кандай болуп жатат, ал жактагы акыбал кандай, алар бизге кандай таасир тийгизүүдө, биздин алар менен алака-катыш мүмкүнчүлүгүбүз кандай? Мындан сырткары чек ара маселелери, бажы маселелери бар. Дагы башка көптөгөн көйгөйлөр бар. Демек, ушул процесстерди көңүл борборунда тутуп, талдап, такай сереп сала турган бир топтор болушу керек да.

- Сиз институттар, өзүнчө борборлор тууралуу айтып жатканыңызга улай эле өзүңүз эмгектенген илим-билим тармагына байланыштуу менде бир суроо пайда болду. 31 жыл ичинде илим-билим саясаттын чаңында калып келе жатат деген көз караштын канчалык чындыгы бар?

- Илим тармагы жүдөп калды деп айтсак болот. Каржыламайын илимди өнүктүрүш мүмкүн эмес. Илимге тиешелүү дагы бир маселе - артыкчылыктарды аныктоо маселеси. Себеби биз баардык илимди бирдей өнүктүрө алган Кытай же Орусия сыяктуу чоң держава эмеспиз. Биздин мамлекеттин алкагында кайсы нерселер артыкчылык бериле турган багыттар болушу керек, ошого жараша биздин ошол ишти аркалай турган адистерибиз барбы, жок болсо ал адистерди кантип даярдашыбыз керек деген маселелерди чечүүдө мамлекет кашаң саясат жүргүзүп жатат десем болот. Бул жаатта дүйнөлүк тенденцияга шайкеш келе турган саясат жүргүзүшүбүз абзел.

Мындан элүү жыл мурда, жүз жыл мурда эскирип калган нерселерди улам кайталай бергендин зарылчылыгы жок. Бул жерде чечкиндүү кадам жасай турган, тез арада чече турган маселелер бар.

- Эгемендиктин 31 жыл ичинде бардык тармактар боюнча (саламаттыкты сактоо, сот, билим берүү, укук коргоо органдары ж.б.) реформа жасаш керек деп улам-улам айтып келе жатабыз. Дартты так аныктаганыбыз менен, аны дарылоо жолдорун билбей жаткансыйбыз.

- Мындай реформанын зарылдыгы, кандай орчундуу көйгөйлөрүбүз бар жана дүйнөдө башка элдер бул маселелерди кантип чечип жатат ал жөнүндө жакшы эле маалыматыбыз бар. Бирок бизде саясий туруктуулуктун жоктугунан реформалар ишке ашпай атат. Канча өкмөт алмашты, канча президент алмашты – качып кеткени болду, түрмөгө түшкөнү болду. Жакшы эле идеялар айтылат, атүгүл концепция, программалар иштелип чыгат, тилекке каршы, мунун баары унутулат же кийинки өкмөт же жетекчилик башка нукка түшүп кетет. Ошондуктан эң биринчи саясий туруктуулук керек, экинчиден, жарандык коомдун көзөмөлү күчтүү болууга тийиш. Анан албетте, өкмөт алмашабы, президент алмашабы коомдун кызыкчылыгы, коомдун мүдөөсү болуп жаткандан кийин бул маселелерди көңүлгө тутушу абзел.

- Кыргызстан 50 жылдыгында эмнеге жетишсе деп кыялданасыз? Кыргызстандын жигердүү жарандарына, мамлекеттин жүгүн көтөргөн саясатчыларга, аткаминерлерге эмне кеңеш берер элеңиз?

- Антип-минтип отуз жыл бат эле өтүп кетти, жыйырма жыл да бат эле өтүп кетет. Элүү жылдыгын белгилеп жатканда Кыргызстан дүйнөгө таанымал, азыркы тил менен айтканда өзүнүн бренддери бар, "Кыргыздар! Кыргыз өлкөсү!" деп дүйнө тааный турган мамлекет болсо деп тилек кылам. Ал эми жетекчилерге, эл башыларга айта турган кебим: өзүнүн капчыгын, өзүнүн кызыкчылыгын, өзүнүн айланасындагылардын кызыкчылыгын ойлобой, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлосо, эгемендикти бекемдөө үчүн күрөшсө, "Кудай буюрса Кыргызстан өзүнүн элүү жылдыгын белгилейт" деп максат коюп, ошого аракет кылса – баары жакшы болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG