Кыргызстандын мектептеринде окуу жылы аяктап, акыркы коңгуроо салтанаты өттү. Жылда өлкөдө 150 миңдей улан-кыз мектепти аяктайт, алардын көбү чет өлкөдө билим алууну кыялданат. Бирок шартка байланыштуу жана маалыматтын жоктугунан көбүнүн таттуу кыялы орундалбай калат.
Кыргызстандык улан-кыздарга чет мамлекетте акысыз билим алуунун кандай жолдору бар? Бүгүн биз Германия, Жапония, Түркия сыяктуу мамлекеттерден кантип акысыз билим алса болот деген суроолорго жооп издейбиз.
Талкууга Германиянын Дортмунд шаарында IT-компанияда программист болуп иштеген Акак Сыргак кызы, Түркиядагы Селжук университетинин докторанты Азамат Арпачиев жана Жапониянын Нагоя шаарында IT-адиси болуп иштеген Чыңгыз Сүйүнбек уулу катышат.
- Саламатсыңарбы? Үчөөңөр тең чет жакта билим алып, ошол жакта жашап, иштеп жүрөсүңөр, алгач өз тажрыйбаңар менен бөлүшө кетсеңер. Акак, сиз Дортмунд университетинин бизнес-информатика факультетин аяктагансыз. Ал жакка кантип тапшырып калгансыз?
Акак Сыргак кызы: Дортмунд университетине тапшыруудан мурда Германияга Au Pair программасы аркылуу келгем. Негизи бул өлкөгө 90% кыргыздар ошол программа менен келет. Андан кийин немис тилин үйрөнүп, жогорку деңгээлде билеримди ырастаган сертификат алдым. Ошондон кийин гана университетке тапшырдым.
Кыргызстанда жүргөндө эле техникалык кесиптерге кызыкчумун, бирок мектепти аяктаганда үйдөгү шарттан улам гуманитардык багытка бюжеттик негизде окууга туура келген.
Германиядан көп консультацияларды алгандан кийин IT жаатына тапшырып, билим алууну чечтим. Баарын кайра биринчи курстан баштадым, акысыз окудум. Андан тышкары бул жакта стипендия алуу мұмкүнчүлүгү жогору. Көз карандысыз уюмдардын же болбосо университеттердин өзүнүн стипендиялары, ошондой эле мамлекеттик стипендиялар бар. Жакшы окуган студенттерге колдоо көрсөтүү максатында IT-компаниялар да атайын стипендияларды негиздешет. Мен дагы ошолордун бирине илиндим.
- Чыңгыз, сиз Күн чыгыш өлкөсүндө ЖОЖго тапшырбай эле, тил курстарын бүтүрүпсүз. Бул билимиңиз Жапонияда иш таап кетүүгө жетиштүү болдубу?
Чыңгыз Сүйүнбек уулу: Ооба, жетиштүү болду. Эгер Кыргызстандан жогорку окуу жайын бакалавр даражасында окусаң, бул жактан жапон тилин үйрөнгөндөн кийин жумушка кирсең болот. Бишкекте жогорку окуу жайды аяктагандан кийин мамлекеттик мекемелердин биринде IT- адиси болуп иштеп жүргөм.
Ошол маалда IT-адистери үчүн Жапонияга окууга тапшырууга жана андан кийин жумуш таап берүүгө шарт түзгөн “Келечек” деген программа ачылган. Анын алкагында тапшырып, бул жакка келип окуп калдым. Жапон тилин Кыргызстанда төрт ай, бул жакка келгенден кийин дагы бир жарым жыл окудум. Ал деле жетиштүү болбоду. Өтө көп убакытты талап кылат экен. Бул жакта тилдин деңгээлин аныктаган сынак жылына эки жолу өтөт. Жергиликтүү компаниялар анын жыйынтыгына карайт, ал эми эл аралык ишканалар ага көп деле басым жасабайт.
- Азамат, Түркияда билим алган кыргызстандыктар абдан көп. Алардын басымдуу бөлүгү Кыргыз-Түрк "Манас", "Ата Түрк Ала-Тоо" университетинин, кыргыз-түрк лицейлеринин бүтүрүүчүлөрү. Андан башка жолдор менен келгендер да барбы?
Азамат Арпачиев: Акыркы расмий маалыматтарга караганда, Түркияда 2 миңдей кыргызстандык студент билим алат. Алардын арасында жөнөкөй эле кыргыз мектептерин аяктагандар арбын. Алар бакалавр даражасында билим алууга тапшырат. Андан сырткары, Кыргызстандагы Түркияга байланыштуу окуу жайдан келгендер бар. Көбү магистратура же докторантурада окуу үчүн келет. Негизи Кыргызстанда акысыз окуу же акысыз курс деген нерселер көбөйдү. Бул түшүнүктөрдөн арылыш керек, анткени кандай гана эмгек болбосун сатылууга тийиш.
Мисалы стипендия, гранттык негизде болушу мүмкүн. Түркияда гранттык эң чоң "Туркие бурслары" (turkiye burslari) аттуу программа бар. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн студенттер бул программага онлайн катталып, андан кийинки тандап алуу процесстеринен өтүшөт.
Бирок Түркиядагы студенттердин жалпы санына салыштырсак, бул стипендия менен келгендер тамчыдай эле. Анткени чет элдик студенттердин саны 220 миңге чамалуу. Стипендия алып окугандардын саны 10 миңдин гана тегерегинде. Андан сырткары Акак айтып кеткендей, бул жакта да университеттердин өздөрү негиздеген стипендиялары болот.
Мен билгенден Коч (Koc University), Сабанжи (Sabanci University), Ибн Халдун (Ibn Haldun University) деген жогорку окуу жайлары өздөрүнүн стипендияларын ыйгарат. Алар бул тууралуу социалдык баракчалары аркылуу маалымат берип турат. Андан сырткары университеттер өткөргөн сынак аркылуу чет элдик студенттер тапшырат. Албетте, сынактан өтүү үчүн билим деңгээли жогору болушу керек, ал эми Түркиядагы жогорку окуу жайлардын 90% түркчө билим бергендиктен, түрк тилин талап кылышат. Бул жакта C1 сертификаты аркылуу окууга мұмкүнчүлүк алат. Сырттан келген студенттердин көбү бир жылда түркчө үйрөнүү курсунан өтөт.
- Акак, Германияда стипендия алып окуунун ар кандай жолдору барын айтып өттүңүз. Аларга илинүү үчүн эмне кылуу керек? Кыргызстанда отуруп эле түз тапшырса болобу?
Акак Сыргак кызы: Кыргызстандагы студенттер үчүн DAAD стипендиясы бар. Ал көбүнчө магистранттарга берилет. Алар бул жактан айына 800-900 евронун тегерегинде стипендия алса болот. Андан тышкары, докторантурада окуйм дегендер, илимий изилдөөчүлөр үчүн атайын стипендиялар бар. Кыргызстан менен Германиянын мектептериндеги билим берүүдө айырмачылык болгондуктан, бул жакка бакалаврга тапшыруу кыйын. Себеби, 11-классты бүтүрүп келгендер бир жыл даярдоо курсунан өтүшү керек. Аларга иштегенге дагы уруксат берилбейт, ошондуктан өзүн-өзү каржылаганга туура келет. Ал убакта стипендия да ала алышпайт.
- Ал эми атайын кесиптик техникалык окуу жайларга дагы кызыгуу күчөп жатпайбы, ошол эле Батышта коллеж же болбосо кесипке даярдаган курстарынан окуса болобу? Мисалы, Германиянын же Түркиянын?
Акак: Бул жакта кесиптик лицей же коллеж деп айтсак болот. Алардын ичинен азыр гастрономияга тапшыруу жеңил болгону үчүн ошол жакка жиберген ортомчу агентстволор аябай көбөйдү. Бирок агенттиктерге кайрылбай эле, англисче же немисче билсе, интернеттен деле ошол маалыматты таап, өздөрү тапшырса болот.
Немис тилин жок дегенде баштапкы деңгээлде билиши керек. Андан сырткары медицина жаатына да көп тапшырышат. Ал эми Кыргызстандан же башка жактардан Германиядагы кесиптик лицейге IT же экономика багытына келгендер жокко эсе. Себеби, бул жакта атаандаштык аябай күч. Биринчи Германиядагыларга, анан Евробиримдиктин жарандарына артыкчылык беришет. Татыктуу талапкер табылбаганда гана биз сыяктуу өлкөлөрдөн карашат.
Азамат Арпачиев: Түркияда булар кесиптик жогорку мектептер деп айтылып келет. Университеттин ичиндеги факультет сыяктуу бардык чоң жогорку окуу жайларда кесиптик жогорку мектептер бар. Аларга деле бакалаврга тапшыруу системасындай кабыл алышат. Тил үйрөнөт, андан кийин кадимкидей бакалаврды окугандай окушат. Бул жакта да ошол кесиптерге барган сайын кызыгуу жана атаандаштык күчөп баратат.
- Азыр Гуглга кайсы кесиптер керектүү деп жазсаң, биринчи эле IT-адистеринин түрлөрү, психотерапевт, медицина кызматкерлери биринчи орунга чыгат экен. Түркияда, Жапонияда азыр кайсы кесиптердин мааниси артып бара жатат?
Азамат Арпачиев: Түркияда жергиликтүүлөр эки кесипке артыкчылык беришет экен. Биринчиси- медицина, экинчиси- укук, юридикалык кесип десек болот. Акыркы жылдары инженердик багыттарга кызыккандар көбөйүптүр. Сырттан келгендерди же кыргызстандыктарды ала турган болсок, көбүнчөсү коомдук илимдерди тандашат. Ал эми иш табуу мүмкүнчүлүгүн карасак, медицина, инженердик, финансы жана логистика жаатындагылар алдыда.
Чыңгыз Сүйүнбек уулу: Жапония өзү индустриалдык мамлекет болгондуктан, бул жакта да инженерлер анан IT-адистери өтө керек. Андан сырткары завод-фабрикаларга акыркы жылдары жумушчу күчү жетишпей жаткандыктан диплом же сертификат сурабай дароо эле окууну бүткөн же болбосо сырттан келген студенттерди, жапон тил академияларын бүткөндөн кийин жумушка чакырган учурлар да көп.
Кыргызстандыктар үчүн мектепти бүткөндөн кийин Жапонияга дароо жогорку окуу жайга тапшыруу кыйын. Анткени бул жакта биринчиден, окуу жылы апрель айында башталат, андан сырткары мектепте 12 жыл билим алышат. Мындан улам биздин бүтүрүүчүлөр тил академиясын окушу керек же болбосо 12 жылдык мектепти бүткөн деңгээлди тастыктай турган экзамен тапшырышы шарт.
Гранттык негизде окуйм деген бүтүрүүчүлөр үчүн жапон өкмөтүнүн MEXT деген гранттык программасы бар. Бул программа жыл сайын апрель айында башталат. Каалоочулар кайсы мамлекетте болсо, ошол мамлекеттеги жапон элчилиги аркылуу тапшырса болот. Программа аркылуу өтүп кетсе окуусу, жатаканасы, жол киреси, айтор бардык чыгымдарды жапон өкмөтү өз моюнуна алат.
- Мисалы, "Чехияга келип акысыз билим алат элем, университетте окуйт элем" деген студенттер абдан көп, анан алар келип бир жыл чех тилин үйрөнөт, андан кийин чех университеттерине бюджеттик негизде тапшыра алат. Бирок бир жыл окугандан кийин эле тилден, окуунун оордугунан кыйналып таштап салгандар бар. Көбү англис тилдүү акы төлөп окуган университеттерге өтүп кетет же окууну унутуп, иш менен алек болушат. Ал эми силер жашаган мамлекеттерде студенттер кандай кыйынчылыктарга дуушар болушат?
Чыңгыз Сүйүнбек уулу: Жапонияга келгендер эки жол менен келет. MEXT менен келгендердин окуусу толугу менен англис тилинде болгондуктан, алар көбүнчө аягына чейин окушат. Бул жактан тил үйрөнүп, анан университетке тапшырам деп келгендер арасында Жапониянын жашоо ритмине, маданиятына, тамак-ашына көнө албай сиз айткандай максаттарынан кайтып кеткендер бар. Жапон тилин үйрөнүү өтө оор болгондуктан, окууну таштоого ал дагы себеп болушу мүмкүн.
Акак Сыргак кызы: Германияда кыйынчылыктар аябай эле көп. Жогорку билим алуу акысыз, бирок оор болгондуктан немис студенттердин айрымдары да окууну бүтпөй калышат. Чет жерден келген студенттерге андан бетер кыйын.
Себеби немис тилинде сүйлөшкөн бир, бирок билим алуу такыр башка. Медицинаны немис тилинде окуу дагы бир тилди үйрөнүүгө тете. Германияда бир экзаменди үч жолу тапшырып, үчөөндө тең кулап калгандар бул кесипти кайра эч бир университетте окуй албайт.
Мисалы ITден экзамен тапшырып, үч жолу кулап калган студент кийин гуманитардык багытта окуса болот, бирок IT багытына ал студентти эч бир университет кабыл албайт. Албетте, кыйын. Бирок кыргызстандыктар аябай өжөр болобуз да. Эмнени баштасак, ошону аягына чыгарганга чейин аракет кылабыз. Ошондуктан оорчулуктарга карабай, окуусун ийгиликтүү аяктап, Германияда иштеп жүргөн журтташтарыбыз аябай көп.
- Азамат, сиз Kyrgyz Network уюмунун мүчөсүсүз, былтыр Кыргызстандын бир катар аймагын кыдырып келгенден кийин: "Интернет болсо дагы андагы маалыматтарды туура колдонгонду билишпейт экен, багыт берчү адамдар жок экен" деп өз пикириңизди билдирдиңиз эле. Негизи алыскы аймактагы окуучуларга, бүтүрүүчүлөргө багытты ким бериш керек? Кантип дүйнөлүк желедеги маалыматты туура колдонгонду үйрөнүп, чет жакка тапшыруунун жолдорун билсе болот?
Азамат Арпачиев: Биздеги негизги кемчилик - мугалимдерге шарт түзүп бербей эле алардан көп нерсени талап кыла бергенибизде. Эң жөнөкөй эле нерсе, бардык эле мугалимдер компьютер колдоно албайт. Анткен менен мугалимдерден талап кылынган кагаздардын баары компьютерде жазылышы керек.
Биз адегенде пайдубалды түптөшүбүз керек, анан ошого жараша талап кылсак жакшы болмок. Биздин негизги максатыбыз - кесиптик багыттоо болчу, сөзүмдүн башында айтып кеткендей эле, алардын бири - акысыз билим берүү.
Мисалы, "мен бюджеттик негизде окуйм, ата-энеме жүк болбойм" деген ойдон улам өздөрү каалабаган кесипке тапшырып алышат. Эгер өзүнүн көңүлүнө толгон кесипке окуса, ата-энеси төлөгөн акчаны кийин кайтарып берет деген ойдомун. Мындан улам башка кесипке окуп алгандардын саны азаймак, кереги жок кесиптерди окуткан бөлүмдөр жоголмок.
- Акак, сиз Facebook, Instagram тармактарындагы баракчаларыңызда окуу жаатында кеңеш сурагандар үчүн түз эфир уюштуруп, пост жазып, суроолорго жооп берип келесиз. Сизге кайрылгандардын катачылыгы же кемчилиги эмнеде?Эмнени көп байкайсыз?
Акак Сыргак кызы: Адам менен адам сүйлөшүп "сен мындай кыл" дегенде анан ишенишет. Жазылган даяр маалыматты изилдеп, интернеттен издешпейт. Бизде өз алдынча изденгенди билбегендер көп экен. Интернетте даяр маалыматтар жетиштүү, кээ бири ошону таап, окугандан эринет. Андан тышкары көбүн каржы маселеси түйшөлтөт. Германияга окууга тапшырууда банк эсебинде 10 400 евро болушу керек. Бул кийин студент өзү колдоно турган акча. Аны эч кимге бербейсиң. Ата-энелерибиз "үй салат элем, той кылат элем" деп кредит алуу ордуна, ошол акчаны баласына инвестиция кылса жакшы болот беле деп ойлойм. Каржылык жактан мүмкүнчүлүгү жок болсо мен сыяктуу кандайдыр бир программалар аркылуу келип, өз жолун таап кеткенге мүмкүнчүлүктөр бар.
- Мектепти аяктап чоң турмушка аттанып жаткан улан-кыздарга кандай кеңештерди берет элеңер?
Акак Сыргак кызы: Негизинен мен кыздарга көбүрөөк басым жасап келем. Эч качан коркпош керек, кыз киши деп ар жактан тыя берген туура эмес. Ата-энесинин жардамы мененби, өзүнүн деңгээли мененби ар дайым көздөгөн максатына жетүүгө аракет кылышы абзел. Кесип тандоодо "көп акча табат экем" деп эле ITге кетип жатышат. Адам өзүнө эмне жагарын аңдаса ошого жараша билим алып, кесипкөй адис болууга умтулушу керек.
Чыңгыз Сүйүнбек уулу: Жапон окуучулары мектеп жашынан эле эмгекке үйрөнөт экен, бизде андай эмес. Тескерисинче, университетти окуп бүткүчө ата-эненин эсебинен жашоо милдеттүү көрүнүштөй туюлат.
ЖОЖго тапшыргандан кийин улан-кыздар инсан катары калыптанууга аракет кылып, өз алдынча кетүүгө тийиш. Жапондор балдарын бул сапаттарга жаштайынан үйрөтүшөт. Менимче, кыргыздар жалкоолуктан арылсак эле алдыга жылабыз.
Азамат Арпачиев: Бизде университетти мектептин уландысы сыяктуу кабыл алган маанай бар. Андай эмес, университет - бул жашоонун жаңы барагы. Өзүңөр каалагандай жаңы достор, жаңы жашоо, жаңы чөйрө таңдап алсаңар болот. Жаңылгандан коркпош керек. Адам жаңылып-жазып атып тажрыйба топтойт да. Билбеген нерсени сурагандан эч качан коркпош керек. Билбеген нерсени суроо - уят дагы эмес.
- Талкууга катышып бергениңиздерге рахмат!