Мамлекет башчы бүгүн, 18-июлда, Сауд Арабиясына падыша Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен барды. Жумушчу сапар менен барган президентти Жидданын эл аралык аэропортунан Меккенин губернатору Халид бен Фейсал Аль Сауд тосуп алды.
Сапар алкагында Садыр Жапаров “Борбор Азия - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши” аттуу мамлекет башчыларынын биринчи cаммитине катышат.
Анда лидерлер саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда аймактар аралык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.
Президент булуңдагы араб мамлекеттеринин башчылары менен жолугат.
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев өлкө башчысы Сауд Арабиясына Air X Chapter аба компаниясынын Embraer Lineage 1000 үлгүсүндөгү бизнес-джет учагы менен учуп барганын 24.kg сайтына билдирген. Султанбаевдин айтымында, кыргыз тарап учактын күйүүчү майынын акысын гана төлөгөн. (ZKo)