Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

Эл аралык метеорологиялык уюм аптап дагы кызый турганын айтты


Римдеги ысыкка чыдабаган бала Испаниядгы тепкичтериндеги фонтанга башын салууда. Италия. 17-июль, 2023-жыл.
Римдеги ысыкка чыдабаган бала Испаниядгы тепкичтериндеги фонтанга башын салууда. Италия. 17-июль, 2023-жыл.

Эл аралык метеорологиялык уюм 18-июлда билдиргендей, Жер шарынын түндүк бөлүгүн каптаган ысык бул аптада дагы күчөйт. Мындан улам абанын температурасы түнкүсүн да жогорулап, жүрөк ооруларынын кармашына алып келиши мүмкүн экенин уюм эскертет.

"Негизги көңүл күндүзгү жогорку температурага бурулганы менен түнкү температуранын жогорулашы ден соолукка зыян, өзгөчө аярлуу топко кирген адамдарга кыйын болот", - деп жазылган билдирүүдө.

Маалыматка караганда Түндүк Америка, Азия, Түндүк Африка жана Жер ортолук деңизинин айланасында абанын температурасы 40 градустан ашары күтүлүүдө.

Эл аралык метеорологиялык уюм бул аптада абанын температурасы мурдагы рекорддук көрсөткүчтөн ашат деп боолголоп жатат. 2021-жылы Сицилияда 48,8 градуска жеткен ысык катталган.

XS
SM
MD
LG