Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Ростов-на-Дону: май куюучу бекеттерде машинелердин узун кезеги пайда болду


Май куюучу бекеттеги унаалардын узун кезеги. Ростов-на-Дону. 24-июнь, 2023-жыл. (кыргызстандык мигрант тарткан сүрөт)
Май куюучу бекеттеги унаалардын узун кезеги. Ростов-на-Дону. 24-июнь, 2023-жыл. (кыргызстандык мигрант тарткан сүрөт)

Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында иштеген кыргызстандык мигранттын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, шаарда жалпысынан тынч болгону менен элде кооптонуу күч. Шаардагы май куюучу бекеттерде, азык-түлүк саткан дүкөндөрдө узун кезектер пайда болду.

"Бир май куюучу бекетте отуз-кырктан ашуун автоунаалар кезек күтүп турат. Айрымдар майды 40-50 литрлик канистрге кошумча куйдуруп алып жатышканын байкадым", - деди атын атагысы келбеген мигрант.

Ал эми өзүн Орусиядагы кыргыздардын түштүк федералдык округунун омбудсмени атаган Алтынбек Кыпчакбаев Ростов-на-Дону шаарында абал тынч экенин айтууда.

"Бизде баары жакшы, баары тынч. Базарларды жаап койду. Чыкпай тургула деп телевизордон айтты, эскертүү берди. Мен бул жактагы жарандарыбызга маалыматты салып койдум. Чыкпай, үйүңөрдө болуп тургула дедик. Азыр шаарда аскер техникалары, танк, БТРлер жүрөт. Шаардын административдик аймагын жаап коюп, машиналарды, эч кимди өткөрбөй жатыптыр".

Алтынбек Кыпчакбаевдин маалыматына караганда, Ростов-на-Дону облусунда алты миңдей кыргызстандык бар, алардын тең жарымы орус жарандыгын алган.

Жалпысынан Орусияда 1 миллиондон ашуун кыргызстандык жаран жашап, иштейт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы кырдаалга байланыштуу бул өлкөдө жашаган жарандарын этият болууга жана Украина менен чектеш аймактарга барбай турууну эскертти.

"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Орусиянын Ростов-на-Дону облусундагы аскердик обьекттерди көзөмөлүнө алганын билдирүүдө. Орусиянын президенти Владимир Путин анын аракетин "Мекенге жасалган чыккынчылык, согуштук козголоң" деп айыптады.

"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин 24-июнда жалданма аскерлери Ростов-на-Дону шаарын көзөмөлгө алганын, эгер орус бийлиги коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду колуна өткөрүп бербесе, шаарды тосмолоп, андан кийин Москвага бара турганын билдирген.

  • 23-июнда эртең менен Евгений Пригожин Телеграм каналына интервью берип, коргоо министри Сергей Шойгуну эле эмес, Украинага согуш баштоо идеясын сынга алган. Ал согуш аны баштагандарга пиар үчүн керек болгонун айткан. Ушул эле күнү кечинде Пригожиндин каналдарында "Вагнердин" командирлеринин кайрылуулары деген аудиолор пайда болгон. Анда Пригожиндикине үнү окшош адам "вагнерчилер" "өлкөнүн аскер жетекчилиги баштаган балээни" токтотууга тийиш экенин жарыялаган.
  • Ага чейин, 22-июнда Евгений Пригожин Орусиянын Коргоо министрлигин анын тобунун лагерлерине сокку урууга айыптап, мунун айынан кол астындагы көп адамы өлгөнүн айткан. Пригожин бирок сокку качан, кайсы жерде урулганын тактаган эмес. "Вагнерчилер" "өлкөдө эмнеге мындай башаламандык болуп жатканын териштире" турганын белгилеген.
  • Орусиянын Коргоо министрлиги 24-июнда Евгений Пригожин таратты деген бул маалымат чындыкка дал келбеген чагым экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG