Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:54

Кемпир-Абад иши: айыпталуучулар сотко алынып келе баштады


Кемпир-Абад иши боюнча сотко бөгөт чарасын кароого алып келген камактагы саясатчы, активист жана коомдук ишмерлер. Апрель, 2023-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча сотко бөгөт чарасын кароого алып келген камактагы саясатчы, активист жана коомдук ишмерлер. Апрель, 2023-жыл.

"Азаттыктын" кабарчысынын билдиришинче, Кемпир-Абад иши боюнча сотко алгачкылардан болуп абакта жаткан Жеңиш Молдакматов алып келинди.

Бүгүн, 22-июнда Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын иши боюнча сот алдын ала угуу өткөрөт.

Дээрлик сегиз ай бою тергелген Кемпир-Абад иши сотко өткөнү 19-июнда маалым болгон. Ал күнү ушул иш боюнча камалган 16 кишинин абактагы мөөнөтү дагы эки айга узарган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” деген гриф койгон.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда Бишкектин тергөө абагына камалган.

Ушул тапта кармалган 27 кишинин 16сы абакта жатат. Калган 11и ар кандай жагдайда үй камагына чыккан. Аялдардан жалгыз эле укук коргоочу Рита Карасартова абакта калган.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук деп баалап келет.

Былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишимди ратификациялаган.

Ага ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы турган 4485 гектар жер келишимдин негизинде Өзбекстанга өткөн. Кыргыз бийлиги коңшу өлкөдөн 19 миң гектардан ашуун жер алганын айткан.(ZEg/ZKo)

XS
SM
MD
LG