Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:49

Эл аралык уюмдар "Чет өлкөлүк өкүл" долбоору боюнча кыргыз бийлигине кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигине кайрылып, “Кыргызстанда коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигин чектеген мыйзам долбоорун четке кагууга" чакырышты. Кайрылууну Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Front Line Defenders, Human Rights Watch (HRW), Адам укуктары боюнча эл аралык федерация (FIDH) жана башка бир катар беделдүү уюмдар жасашты.

Алар Кыргызстанда “чет өлкөлүк өкүл” деген түшүнүк киргизилип, бейөкмөт уюмдардын ишине көзөмөлдү күчөтүү максаты болуп жатканын, мыйзам долбоору 2012-жылы Орусияда кабыл алынган “Чет элдик тыңчылар” жөнүндө мыйзамдан көчүрүлгөнүн билдиришти.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, 2022-жылы 21-ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Мунун ичинен үч депутат мыйзам долбоорундагы ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболорго байланыштуу документтин авторлугунан баш тартышты.

Мыйзам долбооруна ылайык, “чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм” деген түшүнүк киргизилип, мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары көбөйтүлөт.

Надира Нарматова документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбой турганын билдирген.

“Адилет” укуктук клиникасы “Чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбоорун талдап, документтин 98% Орусиянын “Чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлгөнүн аныктаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG