Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү Жогорку Кеңеш “Элдик курултай жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы чыгып жатканын айтып чыгышты. 1-июнда “Кабар” маалымат агенттигинде берген маалымат жыйынында кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Бейшенбек Абдыразаков “депутаттардын бул аракети Конституцияга, президенттин жарлыктарына жана Адам укуктары жана эркиндиктери боюнча эл аралык конвенцияга каршы келерин” айтты.
Жыйынга катышкан саясат талдоочу Бакыт Бакетаев Кыргызстанда мамлекетти башкарууга жалаң байлар катышып келгенин, Элдик курултай бул процесске карапайым элди да катыштыра турган институт экенин айтты. Ал “парламент өзү таяна турган институтка каршы чыгып жатат” деп эсептейт.
“Президент өзүнүн долбоорунда жергиликтүү курултай өтүшү керек деп белгилеген. Жогорку Кеңештин депутаттары аймакка айына бир жолу барганда көйгөй чыкпай калат. Элдин күнүмдүк көйгөйлөрүн чечүү үчүн жергиликтүү бийликтен талап кылган институт болушу керек. Азыр курултайчылар өтө катуу талкуу кылып жатышат. Радикалдуу аракеттерге барабыз, митинг кылабыз деген көп сөздөр болуп жатат. Ошого жеткирбейли”.
Маалымат жыйынга Элдик курултайдын Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарындагы делегаттары да катышты.
“Элдик курултай жөнүндө” мыйзам долбоору 30-майда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде экинчи окууда каралып, жактырылган. Жыйында президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев 2020-жылдагы Октябрь окуясында парламент депутаттары кетип калганын айтып, эми курултай чогулат деген пикирин билдирген. Ал курултайдын бир жылга шайлануу зарылчылыгын ушул себеп менен байланыштырган.
Абыкеевдин сөзүн бир нече депутат кескин сындап, парламент залынан чыгып кетүүнү сунуштагандар болгон. Эл өкүлдөрү президенттин кеңешчисин төңкөрүш жана депутаттар жөнүндө байкап сүйлөөгө чакырган.
Комитет жыйынында депутаттар курултай делегаттарынын бир жылга шайланышына каршы чыгып, бир катар сунуштарды берген.
Жогорку Кеңеш 15-мартта курултай тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, талаш-тартыштардан улам документ күн тартибинен алынган. Анда курултайдын, делегаттардын ыйгарым укуктары узарганы, парламенттин, өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин ишине чейин аралашып-кийлигишүүсүнө жол ачкан беренелер бар экени айтылган.
Документтин авторлору долбоордун концепциясын кабыл алуу зарылдыгын айтып, айрым беренелерди өзгөртүүгө макул болгон. Буга чейин мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун башчысы, "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев анда 22 берене 15ке чейин кыскарганын билдирген.
Жогорку Кеңеш 10-майда “Элдик курултай жөнүндөгү” мыйзам долбоорун кайрадан биринчи окууда карап, концепциясын кабыл алган.
Бул мыйзам долбоору былтыр жазында дагы талаш-талкуудан улам кабыл алынбай калган. Элдик курултай институту 2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Конституцияга киргизилген. Ага ылайык, былтыр сентябрга чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек эле.
Мыйзам кабыл алынбай калгандыктан, президент Садыр Жапаров өз жарлыгы менен Элдик курултай топтогон. Былтыр 25-26-ноябрь күндөрү өткөн курултайга, бардык аймактардан, четтеги мигранттар арасынан тандалган миңден ашуун делегат катышкан.