Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:06

"Диабетке, кургак учукка чалдыккандар бар". Ирак абагындагы аялдардын азабы


Ирактын баш калаасы Багдаддын "Русафа" түрмөсүндө отурган кыргызстандык ондогон аял кайрадан “Азаттык” аркылуу кыргыз бийлигинен мекенине алып кетүүнү суранды. Алардын арасында кант диабетине, кургак учукка чалдыккандар бардыгын, абакта ден соолугунан айрылып жатканын айтышууда.

Алар буга чейин май айында үч апта ачкачылык кармап, өздөрүнө коюлган айыптарды алып салууну жана мекенине кайтарууну талап кылган.

Абакта отурган аялдар туугандары менен байланыш чектелүү болгондуктан Кыргызстанга кеткен балдарынан кабар ала албайт. 2017-жылдан бери "Русафада" кыргызстандыктардан тышкары Орусиянын, Азербайжандын, Өзбекстандын, Түркиянын жана башка ондогон өлкөнүн жарандары бар.

Буга чейин эки ирет №6 "Русафа" түрмөсүндө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргызстандык ондогон аял "Азаттыкка" кайрылып, аларга тагылган айыптоолорду жокко чыгарууну жана Кыргызстанга алып кетүүнү суранышкан.

Алар 2017-жылдан бери абакта жатканын айтып, айрымдары 10-20 жылга, кээ бири өмүрүнүн акырына чейин кесилген же өлүм жазасына өкүм кылынып, кийин жазасы жеңилдетилген.

Алардын аты-жөнү жана телефон номурлары “Азаттыкка” белгилүү. “Абактагы коопсуздукка байланыштуу” деген өтүнүчтөн улам алардын ысымдарын өзгөртүп беребиз.

"Абактагы оорукчан аялдардын абалы оор"

Түрмөдө телефон алып жүрүүгө уруксат берилбегендиктен, аялдар бир чөнтөк телефонду катып, чогуу колдонот. Андыктан 27 жаштагы Нилуфар менен байланышуу оңой болгон жок. Ал май айында чет өлкөлүк аялдар ачкачылык жарыялаганын, көп өтпөй айрым өлкөлөрдүн консулдары абакка келгенден кийин кыргызстандык аялдар ачкачылык акциясын токтотконун, бирок абал өзгөрүүсүз калганын айты берди.

"Биздин абал оор. Эки жыл мурда балдарыбызды алганы келгенде кыргыз консулдар менен сүйлөшкөнбүз. Жакында өздөрүнүн талаптарын айтып чыккан аялдарга Орусиянын жана Түркиянын консулдары келип сүйлөштү. Ошондон кийин ачкачылык токтоду. Бирок бизди сураган эч ким жок".

Нилуфар ошондой эле соңку күндөрү кыргызстандык аялдардын арасында кант диабети, кургак учук менен ооругандардын абалы начарлап баратканын кошумчалады.

"Кыргызстандан кырк аялбыз. Бирок баарыбызды камераларга бөлүштүрүп салган. Бир камерада кеминде 50дөй аял отурабыз. Мисалы көп аялдар кант диабети менен ооруйт. Анын дегээли кээде көтөрүлүп, кээде түшүп кетет. Кургак учукту жуктургандар бар. Жүрөк оорусу барлардын абалы өтө оор".

Адашканын кеч түшүнүп, өкүнгөн кыргызстандыктар "Азаттык" аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылып, эсен-аман мекенге жетсек деген ниетин билдирди.

"Бул жерден чыгып, Кыргызстанга кетүүнү каалайбыз. Алданып калганыбызды, катабызды түшүндүк. Кыргызстанда балдарыбыз күтүп жатат. Жашы өтүп калган аялдар да бар. Бизди 20 жылдан ашуун мөөнөткө кесишти. Ошончо отура беребизби? Мындай жазаны эч ким каалабайт" - деди "Азаттык" менен байланышкан Нилуфар.

Кыз-келиндер отурган түрмө Багдаддын Ал-Русафа районунда жайгашкан. Бул жерде негизинен диний радикализмге, террорчулукка айыпталгандар отурат.

Анкара абактагы түрк аялдарынан кабар алды

Былтыр 19-мартта Reuters агенттиги "Русафада" 494 чет элдик аял отурганын жазган. Алар 18 мамлекеттин жарандары экени, арасында борбор азиялыктар да отурганы ачыкка чыккан.

Би-Би-Синин түрк кызматы 5-майда түрмөдө түркиялык аялдар да ачкачылык жарыялаганын жазып чыкты. Анда 12 аял түрк тилинде "алардын эч кандай кылмышка тиешеси жок экенин" айткан видео жарыяланган.

Көп өтпөй Түркиянын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, абактагы аялдар менен элчиликтин кызматкери байланышканын маалым кылды. Анкара ошондой эле айтылган абактагы жарандар менен элчиликтин кызматкерлери түз байланышта экени кошумчаланат.

Ирак бийлиги 2016-2018-жылдары "Ислам мамлекети" радикал исламчыл тобунун жоочуларын өлкөдөн кууп чыккандан кийин, жихадчыларды жана алардын катарындагы аялдарды камап, катаал жазага тарткан.

Кыргызстан: Тизмени тактоо, сүйлөшүү жүргүзүү

Былтыр 27-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирактын жана Сириянын түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык 200дөй аялдын жана 400дөй баланын тизмеси аныкталганын журналисттерге билдирген.

Министр тизмени тактоо иши уланып жатканын, эки өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы абактарда, лагерлерде отургандар тууралуу маалымат алуу оор болгондуктан алардын чыныгы саны мындан да көбүрөөк болушу ыктымал экенин кошумчалаган.

Кулубаев кыргызстандык аялдар менен балдарды мекенине алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бирок аларга чегерилген жазанын оордугун эске алганда бул иш татаал экенин белгилеген.

2021-жылдын март айында кыргыз бийлиги "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен 79 баланы кайтарып келген. Алардын 37си Ирак, Сирия жана Түркияда төрөлгөн. “Азаттыкка” Багдаддагы түрмөдөн байланышка чыккандар ошол балдардын арасында алардын да чүрпөлөрү бар экенин бышыкташты.

Быйыл 16-февралда 18 аял жана 41 бала Бишкекке жеткирилген.

Тажикстан: Сириядан кайтарылган аялдар менен балдар

21-майда тажик бийлиги "Ислам мамлекети" (ИМ) террордук тобунун Сириядагы жоочуларына кошулуп кеткен тажик тектүү 100дөн ашык аял менен балдарды мекенине кайтарды. Алар атайын жайларга жеткирилип, реабилитациядан өтөрү кабарланды.

Тажикстандын Сириядагы элчилиги кабарлагандай, жалпысынан 31 аял жана эрезеге жете элек 73 бала Дүйшөмбүгө жеткирилди.

Туулган жерине келип түшкөн Нигина Тажибоева аэрпортто журналисттерге кайрылып, "Биз гүлдөгөн, тынч өлкөбүзгө кайтып келгенибизге кубанычтабыз" деди.

Нагина менен кошо учуп келген аялдардын дээрлик көбү 2014-2016-жылдары Сирияга күйөөлөрүнүн артынан барган. Радикал жоочулар алсырагандан кийин 2018-жылы качкындар лагерлерине жайгаштырылган.

Коңшу өлкөнүн тышкы иштер мекемесинин өкүлү Алдулгафор Камол Сириядан Тажикстанга жалпысынан 109 адам жеткирилгенин, алардын бешөө Казакстандын жараны экенин, алар өз мекенине өткөрүлүп берилерин билдирди.

Расмий Дүйшөмбү былтыр жайында да Сириядан 146 аял менен баланы кайтарып келген. Алар сириялык күрддөрдүн көзөмөлүндөгү Хасака районундагы "Ал-Хол" лагеринде отурган.

Сириянын түндүгүндөгү "Ал-Хол" жана Рож лагерлеринде 500дөн ашуун тажик аялдары менен балдары кармалып турганы белгилүү. Аялдардын көбү күйөөлөрүн ээрчип барганын айтышат. Алар лагерлердеги адам чыдагыс шарттарга даттанып, Тажикстандын бийлигинен алып кетүүнү өтүнүшкөн.

Расмий маалыматка ылайык, 2014-жылдан бери "Ислам мамлекети" террордук уюмунун катарында согушуу үчүн Сирия менен Иракка 2 миңдей тажик жараны кеткен. Бир тобу мерт болгон же камалган, көбүнүн алигиче дайыны жок.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG