Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:41

АКШ кыргыз бийлигинин Сириядагы жарандарын алып келгенин кубаттады


Сириядан кайтарылган аялдар жана балдар. 16-февраль, 2023-жыл.
Сириядан кайтарылган аялдар жана балдар. 16-февраль, 2023-жыл.

Сириянын чыр-чатак болуп жаткан аймагынан кыргыз жарандарынын мекенине кайтарылышын АКШ кубаттай турганын билдирди. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти тараткан билдирүүдө айтылат.

Анда кыргыз бийлигине, жергиликтүү өнөктөштөргө жана Сириядагы демократиялык күчтөргө ыраазычылык жолдонгон. Ошондой эле “Ислам мамлекети” террордук уюмунун "чөлкөмгө жана качкындар баш калкалаган лагерлерге дайыма коркунуч туудурары" белгиленген. Бозгундар баш калкалагандар лагерлердегилердин көпчүлүгү 12 жашка чейинки балдар экени айтылат.

16-февралда "Айкөл" гуманитардык миссиянын алкагында Сириянын чыр-чатак болуп жаткан аймагынан 18 аял жана 41 бала атайын борт менен Кыргызстанга алып келинген. Сириядан кыргызстандыктарды алып келүүгө Кыргызстандын тийиштүү мекемелеринен сырткары БУУнун балдар кору (ЮНИСЕФ) жана эл аралык Кызыл Чырым комитети көмөк көрсөткөн. Алып келинген балдар керектүү жардамдарды көрсөтүү үчүн реабилитациялык борборго жайгаштырылат.

Буга чейин Сирияда оор абалда калган жакындарын мекенине кайтарууну сурангандар бир нече жолу бийликке кайрылуу жасаган. Алып келинген аялдар "Ислам мамлекети" террордук тобуна күйөөлөрү менен кошо кеткен же азгырылып барып калгандар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150ү ошол жакта набыт болгон. "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. Ирактын жана Сириянын түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык 200дөй аялдын жана 400дөй баланын тизмеси аныкталганын өткөн жылы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирген.

Кыргызстан буга чейин Ирактагы качкындар лагеринен "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында 79 кыргызстандык баланы 2021-жылдын март айында алып келген. Алып келген учурда алардын кичүүсү үч, улуусу 18 жашта болчу. 37си Ирак, Сирия жана Түркия өлкөлөрүндө төрөлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG