Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

Кыргызстандык эки ишканага Орусияга балык ташууга уруксат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы эки балык чарбасына Орусияга балык жеткирүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна 18-майда Ветеринария кызматынын жетекчисинин орун басары Бакыт Шарапов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл федералдык кызматынын (Россельхознадзор) өкүлдөрү Кыргызстандагы балык чарбаларын текшерип кеткен.

“Мекеме көрсөтүлгөн кемчиликтердин жоюлуп-жоюлбаганы боюнча төрт балык чарбасына кайрадан онлайн текшерүү жүргүзгөн. Ошонун негизинде эки балык чарбага уруксат берилип, 180 тоннадан ашык балык Орусияга экспорттолду. Ал эми сүт боюнча айтсак, “Үмүт и Ко” ишканасынын кемчиликтери жоюлуп, маалымат жөнөтүлгөн. Жыйынтыгын күтүп жатабыз. Калган сүт заводдор кемчиликтеринин үстүнөн иш алып барууда”.

Шарапов Россельхознадзор текшерүү ишин кечеңдетип жатканын кошумчалады.

Февраль айында Россельхознадзор кыргыз балыктарынан зыяндуу заттар табылганын кабарлап, аларды Орусияга киргизүүгө убактылуу тыюу салган. Кыргызстандын айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 13-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Россельхознадзордун адистери өлкөдөгү тогуз балык чарбасын текшерип чыкканын, жакында талапка жооп берген чарбалардын балыгы Орусияга киргизиле баштарын билдирген.

Россельхознадзор 21-апрелде Кыргызстандан сүт азыктарын ташууга да тыюу салган. Мекеме кыргыз өндүрүүчүлөрү “чийки зат кайдан жана кимден алынарын, анын сапатын тастыктай албай жатат” деген доомат койгон.

Орусиянын бул кызматы 7-апрелде дагы “Тойбосс” компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсын тапканын маалымдап, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл кызматтарынын ишин "чабал" деп баалаган. “Тойбосс” компаниясы дооматты четке каккан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россельхознадзордун өкүлдөрү менен бирге Орусияга киргизүүдө маселе болуп жаткан азыктар текшерилген лабораториялардын баарын текшерип чыга турганын апрелдин соңунда билдирген. Ал бул маселеде саясат жок экенин, айрым лабораториялардын ишинде кемчиликтер болуп жатканын айткан. (MKt)

XS
SM
MD
LG