Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:06

Чаткалга чакан ГЭС курууга бош жер калбаганы айтылууда


Чаткалда чакан ГЭС куруу үчүн бош жер калбады.

Бул маалыматты 10-апрелде эл менен жолуккан учурда Чаткал районунун акими Алтынбек Сенирбаев билдирди.

Анын сөзүнө караганда, быйыл Чаткалды аралап өткөн сай боюна ондогон чакан ГЭТтер курулат деп айтылганы менен суу боюндагы жерлердин баары алтын казган тараптарга берилип кеткендиктен, чакан ГЭСтерди курууга жер жок.

Алтынбек Сенирбаев райондун инфраструктурасын жана чакан ГЭСтерди куруу үчүн райондун мүмкүнчүлүктөрү кеңири экенин айтып, бирок быйыл бир гана ишкерге бир чакан ГЭС курууга жер таап бере алганын кошумчалады.

10-апрелде Чаткал районунун маданият үйүндө президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, райондун акими жана тийиштүү жетекчилер жергиликтүү элге жолукту. Анда жергиликтүү эл таза суу, жол, мектеп жана жөлөк пул маселесин көтөрдү.

Чаткал - Кыргызстандагы тоолуу райондордун бири. Аймакта 2009-жылкы эл каттоо боюнча 23 миңге чукул адам жашайт. (TB)

XS
SM
MD
LG