Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:18

Парламентте президенттин Оштогу өкүлүнө сын айтылды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеште 16-марттагы жыйында президент Садыр Жапаровдун Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновго байланыштуу кайрадан сын-доомат айтылды.

Депутат Алишер Козуев Жамалдиновду жаш, таза иштеп жаткан кадрларды өз кызыкчылыгына пайдаланып, мыйзамсыз иштешине түртүп жатат деп сындады.

"Мен парламенттин өткөн жумадагы жыйынында Зиядин Жамалдинов боюнча облустук, райондук мекеме-ишканалардын, суу чарба ишканаларынын жетекчилеринин оозеки арыздарынын негизинде эскертүү айттым эле. Андан көп өтпөй губернатор менин дарегиме дагы жалаа жаап, атымды атап интервью бериптир... Бирөөлөр менен уюшуп алып, кадр маселеси деп айтыптыр. Зиядин Жамалдиновду президент ишеним көрсөтүп, Ош облусундагы жетекчилерди мыйзамсыз иштөөсүнөн кайтарып, карап турууга жиберген эле. Азыр тескерисинче, ал жаш, таза иштеп жаткан кадрларды өз кызыкчылыгына пайдаланып, мыйзамсыз иштешине түртүп жатат. Менде далил-фактылар бар. Мен кадр маселесине бир дагы киришкен эмесмин. Далили болсо айтсын, болбосо коомчулукту алдында расмий кечирим сурашын талап кылам. Облустагы башаламандык жогорку жетекчиликке жетпей жатат", — деди депутат Козуев.

Президенттин Оштогу өкүлүнө ушундай эле сынды депутаттар Шайлообек Атазов, Надира Нарматова дагы айтышты.

Парламенттин 9-мартындагы жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу президенттин өкүлү токой чарбанын жерин, үйүн бир тууган агасына каттатып алганын билдирген. Андан сырткары гектарлаган жерлерди алып, мүлк жыйнаган фактылар бар экенин белгилеп, мамлекет башчысына кайрылган.

Жамалдиновго байланыштуу Эмилбек Жусупов менен Алишер Козуев дагы маселе көтөргөн. Парламенттин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев мындан улам президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, маселени президентке жеткирүүнү суранган.

Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңеште айтылган сын-дооматтарга жооп кайтарып, бир тууганы токой чарбанын жерин, үйүн каттатып алганын жалганга чыгарган. Гектарлаган жерди ээлеп алганы, кадр саясатына аралашары тууралуу сөздөр негизсиз экенин билдирген.

Жамалдинов президенттин Оштогу өкүлү болуп 2021-жылы июлда дайындалган.

Жамалдинов 2015-жылдан 2020-жылга чейин "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2020-жылы августта өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшырган.

2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынан талапкер болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG