Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:35

Нарындагы мектеп рэкети боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын шаарында мектеп рэкети жапырт көрүнүшкө айланган маселе болуп жатканы аталган шаарда жүргүзүлгөн атайын мониторингдин жыйынтыгында аныкталды. Бул тууралуу 14-мартта Кыргызстандын акыйкатчысынын кеңсеси билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, мониторинг “Балдардын укуктарын коргоочулар лигасы” уюму менен биргеликте жүргүзүлдү. Сурамжылоого Нарын шаарынын мектептеринде 7-11-класстарда окуган 700 окуучу катышты, алардын 41% зомбулуктан коргоого муктаж экенин айтышты.

Респонденттердин 17% мектеп рэкетине күн сайын кабылып жатканын, зомбулук көрсөткөндөрдүн 48% жогорку класстардын окуучулары, 22% чоң кишилер экенин, 58% жардам сурап ата-энесине же атайын адистерге эмес, өзү курактуу досторуна кайрыларын айтып беришкен.

Мониторингди акыйкатчы “Балдардын укуктарын коргоочулар лигасы” менен бирге жүргүзгөнү, буга аталган лиганын активисттери Нарында өспүрүм кыздар жана балдар кылмыштуу топтордун куугунтугуна, опузалоосуна жана зордук-зомбулугуна кабылып жатканы тууралуу кайрылуусу себеп болгону белгиленди.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2022-жылы өспүрүмдөр жасаган 1854 кылмыш катталган. Анын 777си сотко өткөн, 1057си кыскартылган.

XS
SM
MD
LG