Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Жаш ишкерлерди колдоо программасы ачылды


Youth CUP программасынын катышуучулары.
Youth CUP программасынын катышуучулары.

Ишкерликти жаңы баштап жаткан жаштарга колдоо көрсөтүү программасы ачылганын Accelerate Prosperity уюмунан билдиришти. Уюмдун маалыматына караганда, 6-мартта Youth CUP долбоорунун алкагында жаштар менен жолугушуу өттү.

Кыргызпатент мекемеси менен биргеликте уюштурулган жолугушууга ишкерликте алгылыктуу ийгиликке жете алган жаштар катышып, бизнес баштоого камданып жаткандарга кеп-кеңешин беришти.

Мисалы, ушул программанын бүтүрүүчүсү, өлкө ичинде саякат турларын уюштуруу менен алектенип келаткан Эрбол Абдыкаимов анын фирмасы 2021-жылы 8 миң кардарды тейлеген болсо, былтыр 16 миңге жеткенин, кызматкерлердин саны жүздөй адам болсо, быйыл дагы элүү адам жумуш менен камсыз болорун айтып берди.

Башка да ишкерлер бизнесин кантип баштаганын, кандай кыйынчылыктар, ийгиликтер болгонун айтып берип, маркетинг стратегиялары, бизнес-идеяны ишке ашыруунун туура жолдору жөнүндө тажрыйбасы менен бөлүшүп, суроолорго жооп беришти.

Инклюзивдик экономикалык өнүгүүгө, жергиликтүү потенциалды бекемдөөгө багытталган Accelerate Prosperity демилгеси Ага Хан фонду жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү программасынын (USAID) жардамы менен ишке ашырылууда. Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин ал 46 компанияга каржылык колдоо көрсөтө алды.

Youth CUP программасы онлайн форматта сегиз апта уланат. Окуу акысыз болот, эң мыкты деп табылган долбоорлорго 10 миң долларга чейинки инвестиция бөлүнөт.

Кыргызстандын калкынын дээрлик 25% жаштар түзөт. Жумуш орундары жана татыктуу маяна аздыгынан улам көпчүлүк жаштар чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрүшөт. (RK)

XS
SM
MD
LG