Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Улуттук банк алардын атын колдонгон шылуундар көбөйгөнүн эскертти


Улуттук банк.
Улуттук банк.

Улуттук банк жарандарга кайрылып, алардын атын колдонуп банк эсептердеги акчаны алууга аракет кылган шылуундар көбөйгөнүн эскертти. Мындан улам сак болууга, жеке маалыматтарды үчүнчү тарапка бербөөгө чакырды.

"Эч кандай шартта жеке маалыматты, картанын номерин, анын мөөнөтү качан бүтөрүн, ПИН-коддорду, CVV/CVC коддорун (картанын артында жазылган үч сан) жана кодду тастыктаган СМС билдирүүлөрдү чоочун адамдар, үчүнчү тараптар менен бөлүшпөгүлө. Такталбаган шилтемелерди баспагыла, ал жерге өзүңөр тууралуу маалыматты киргизбегиле. Баарыңарды сак болууга чакырабыз ,-деп жазылган банктын эскертүүсүндө.

Улуттук банк август айында социалдык тармактар менен мессенжерлерде президент Садыр Жапаровдун жана аталган банктын атынан "кайрылгандардын баарына 10 миң сом өлчөмүндөгү грант берилет" деген жалган маалымат тарап жатканын эскерткен. Анда шылуундар жеке маалымат камтылган онлайн резюме толтурууну сурашарын белгилеген.

Ушул жылдын башында президенттин администрациясы Садыр Жапаров катышат делген иш-чараларга чакырып, көз боёмочулук кылган жана акча талап кылган учурлар көбөйгөнүн билдирген. Анын алдында мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев анын атын колдонгондордон сак болууга чакырган.

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш дагы алардын аты жазылып, мөөрү коюлган, жасалма күбөлүк даярдап берүүнү убада кылган шылуундар пайда болгонун маалымдаган. Мындан улам ушул жылдын башынан тартып жаңы күбөлүктөр эч кимге берилбей турганын жана мыйзамсыз иш-чаралар тууралуу кеңештин катчылыгына кайрылуу керектигин билдирген.

XS
SM
MD
LG