Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:10

Зеленский Орусияга Рождестводо аскерлерин чыгарып кетүүнү сунуштады


Зеленский
Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия Украинадан Рождество майрамынын алдында аскерлерин чыгарып кетсе жакшы болорун айтып, бул кадам өлкөнүн агрессиядан баш тартууга даяр экенин көрсөтөт деп билдирди.

Зеленский G7 саммитине онлайн катышканда: "Биз Орусияга дипломатиялык координация үчүн конкреттүү жана маңыздуу кадамды сунуштап жатабыз, Москва да бул тууралуу көп сүйлөгөн", - деди.

Ал G7 онлайн саммитинин катышуучуларына кайрылып, дагы бир жолу коргонуу куралдарын берүүгө үндөдү.

Зеленский Глобалдык Тынчтык Формула Саммитин (Global Peace Formula Summit) өткөрүүнү сунуштап, бул саммитте дүйнөлүк коомчулук Украинанын 10 пункттан турган тынчтык формуласын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулай турганын белгиледи.

"Чоң жети" тобунун онлайн саммитинин катышуучулары Украинаны колдоо жаатында чечкиндүү экенин айтышып, Киевге абадан коргонуу системаларын жеткирүүгө убада беришти.

Саммиттин соңунда “Чоң жети” тобунун лидерлери Украинага басып кирүүдөгү жоопкерчиликти орус президентине жүктөөгө жана согуштун зыянын Орусияга төлөтүүгө аракет кыларын билдиришти.

Москва бул жаатта пикир билдире элек.

XS
SM
MD
LG