Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:23

УКМК Билим берүү министрлигинде коррупциялык схема аныкталганын билдирди


Кыргыз-Орус Славян университети
Кыргыз-Орус Славян университети

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетине (КРСУ) абитуриенттерди кабыл алуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинде коррупциялык схема аныкталганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, министрликтин жана КРСУнун жооптуу кызматкерлери бир нече жылдан бери жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун эрежелерин кыйгап өтүп, бюджеттик окуу жайларга студенттерди мыйзамсыз кабыл алууну уюштуруп келгени аныкталган.

"Кыргыз-Орус өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык, жыл сайын Орусиянын жарандарынын ичинен 50 студент КРСУнун гранттык орундарына кабыл алынып, алардын билим алуусу Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин эсебинен төлөнүп келет. Бирок министрликтин жана КРСУнун жооптуу кызматкерлери акчалай сыйлыкка Кыргызстандын жарандарынын арасынан республикалык тестирлөөдөн төмөн балл алган абитуриенттерди аталган орундарга киргизип турган", - деп жазылат УКМК тараткан маалыматта.

Кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында министрликтин Жогорку, орто жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын мурдагы начальниги А.Г.М. жана КРСУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Л.Т.М. кармалып, убакылуу тергөө абагына камалды.

Эл аралык Transparency International уюму 2021-жылдагы дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээли боюнча изилдөөсүн жарыялаган. Мурдагы жылы 124-орунду ээлеген Кыргызстан былтыр 144-орунга түшкөн. Башкача айтканда, бир жылда 20 сап ылдыйлап, Африканын Камерун жана Уганда мамлекеттеринин көрсөткүчтөрү менен теңелген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG