Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Украинадагы ири шаарлар кайрадан аткыланды


Киевден тартылган сүрөт.
Киевден тартылган сүрөт.

Украинада Орусия басып алган аймактардан башка бардык жерлерде абадан айгай салган эскертүү жарыяланды.

31-октябрда эртең менен украин бийликтери Киев, Харьков жана башка шаарларга Орусия сокку урганын билдиришти. Эки күн мурун орус бийлиги Кара деңиздеги аскердик флотуна караштуу кемелерине чабуул жасалганын айтып, Украинаны айыптаган. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага каршы чабуулдардын жаңы толкуну тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов Телеграмга эки жардыруу тууралуу жазды. Метро, троллейбус, трамвай каттамдары токтотулду.

Reuters агенттиги Харьковдо метро жана башка коомдук транспорт токтоп турганы, дарегине жете албай калган карапайым адамдар вагондордун ичинде отурганы тартылган видеолорду жарыялады.

“Жүрүп бараткан поезд жөн гана токтоп калды. Анан эле эки жардыруу болгону тууралуу жарыя берилди. Мындай учурда адамдын маанайы кандай болушу мүмкүн? Албетте, тынчсызданасын, жиниң келет”, - деди жумушка баратып орто жолдо калган аял.

Киевдин мэри Виталий Кличко чабуулдун натыйжасында борбордун бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлгөнүн маалымдады. Калаа башчысы бул тууралуу 31-октябрда таңга жуук Телеграм каналына жазгандай, айрым райондордо суу да токтогон.

Би-Би-Синин кабарчысы Киевде көп жардыруулардын үнү угулганын билдирип, кийин электр жарыгы өчүп, байланыш үзүлгөнүн кабарлады.

Алдын ала маалыматтарга караганда, орусиялык аскерлер С-300 комплексинен сокку урган. Харьков облусунун башчысы Олег Синегубовдун айтымында, ракеталар Белгороддон учурулган.

Запорожье, Винница, Кировоград, Полтава жана Днепропетровск облустарында жардыруулар болгону кабарланды. Запорожьеде электр энергиясы өчүрүлө баштады.

Түнкүсүн орус аскерлери Днепропетровск облусун бир нече ракета жана артиллерия менен аткылашканын, ошондой эле аймакка "жанкечти" дрондору менен чабуул жасашканын облустук аскер башкармалыгынын жетекчиси Валентин Резниченко билдирди. Анын айтымында, Марганец шаарындагы аткылоодон бир аял каза болду. 30га жакын көп кабаттуу жана жеке үйлөр, электр чубалгылары жарактан чыкты.

Ал арада Украинанын аба күчтөрүнүн жетекчилиги Орусиянын 44 канаттуу ракетасын атып түшүрүүгө жетишкенин билдирди. Украина армиясынын маалыматы боюнча, жалпысынан Орусия 50дөн ашык ракета учурган.

31-октябрда Украинанын абадан коргонуу системалары атып түшүргөн орусиялык ракета коңшу Молдованын айылына кулады. Бул тууралуу Молдованын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Талкаланган ракета Наславче кыштагына түшкөн. Бир нече үйлөрдүн терезелери талкаланды, тилекке жараша жабыркагандар жок.

Наславче - Молдованын түндүгүндө, Украина менен чек ара тилкесинде жайгашкан айыл.

Бул окуядан кийин Молдованын бийлиги түндүк жактагы чек ара пункттарын “коопсуздук чараларына” байланыштуу убактылуу жапты.

Орусия Украинанын буудай жана башка дан азыктарын чет мамлекеттерге экспорттоо келишиминен чыкканын 29-октябрда жарыялаган. Мунун себебин орус бийлиги Кара деңиздеги аскердик флотуна караштуу кемелерине чабуул жасалганы менен түшүндүрүүдө.

Орусиянын армиясы Украинанын шаарларына жапырт чабуулду Крым көпүрөсүнө сокку урулгандан кийин, 10-октябрда баштаган. Алар негизинен жайкын тургундар жашаган жайларга жана энергетикалык объектилерге чабуул коюуда. Ушул күнгө чейин Украинанын энергетикалык инфратүзүмдөрүнүн 40% талкаланып, келтирилген зыян миллиарддаган долларды түзөрү айтылууда.

8-октябрда Москва аннексиялап алган Крым жарым аралы менен Орусияны туташтырчу көпүрөдө жарылуу болгон. Украин бийлиги бул жардырууга тиешеси бар экенин расмий ырастаган эмес.

XS
SM
MD
LG