Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Америкалык сенаторлор "Азаттык" сайтынын бөгөттөлүшүн айыптады


АКШ Сенатынын Эл аралык карым-катнаштар боюнча комитетинин жетекчиси, сенатор Жим Риш.
АКШ Сенатынын Эл аралык карым-катнаштар боюнча комитетинин жетекчиси, сенатор Жим Риш.

АКШ Сенатынын Эл аралык карым-катнаштар боюнча комитетинин жетекчиси, сенатор Жим Риш "Азаттык" сайтынын эки айга бөгөттөлүшүн сынга алды. Ал бул тууралуу Твиттерге жазды.

Сенатор кыргыз өкмөтү "Азаттык" сайтын эки айга жабуу менен сөз эркиндигине басым кылып жатканын сынга алып, сөз эркиндигин жана адам укуктарын сыйлоого чакырды.

Конгресстин өкүлү, сенатор Бен Кардин дагы Кыргызстанда "Азаттык" сайтынын бөгөттөлүшүнө тынчсыздануусун билдирген.

"Кыргызстанда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун жергиликтүү бөлүмүнүн сайттарынын жабылышы тынчсыздантат. Сыйлыктарга татыган бул медиа тараткан так маалыматтары үчүн жазаланбаш керек. Кыргызстан региондо демократиялык эркиндикти сактоо боюнча жарык катары саналчу. Азыр дал ушундай кадыр-баркка шек келтирчү мезгил эмес",-деп жазган сенатор Бен Кардин.

Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти "Азаттык Медианын" сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө жабуу чечимин айыптаган.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Так эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамды жүйө кылып "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарды.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай бул кадамды эркин медианы куугунтуктоо жана кыргыз демократиясына көлөкө түшүрчү чечим деп баалады.

XS
SM
MD
LG