“Азаттыктын” редакциясына Москвада аскердик мобилизацияга туш болгон, көп жыл мурда Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандык түгөй кайрылды.
Орус армиясында эч качан кызмат өтөбөгөн, бөйрөгү оорулуу 36 жаштагы жигитти полиция таң сүрө үйүнөн салып кетип, адегенде полиция бөлүмүнө жеткирип, ал жактан түз эле мобилизациялык борборго алып жөнөшкөн. Биз бул мигранттын үй-бүлөсү менен байланышып, окуянын чоо-жайын билүүгө аракет кылдык. Алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн макалада ысымдарын өзгөртүп бердик.
Полициянын күтүүсүз рейди
10-октябрь таңкы саат алты чамасында Москванын чок ортосунда бейкапар уктап жаткан Эсендин батиринин коңгуроосу шыңгырайт. Жубайы, 1-класска жаңы кирген кызы менен жашаган Эсен эшикти ачар замат эки полиция кызматкери суроо-сопкутсуз эле кирип келген.
“Бизден ылдыйкы кабатта кыргыздар жашачу. Аларды дайым [рейд кылып] басып турчу. Полиция аларды баскан убакта бир эже чыгып калып, ошол ээрчитип келиптир да биздин үйгө”, - деди Эсен үшкүрүнүп.
Полиция кызматкерлери шаарда рейд жүрүп жатканын айтып, Эсендин документтерин талап кылган. 2009-жылы орус жарандыгын алган Эсен эч нерседен шек санабай, паспортун көрсөтүп, жашаган жеринде каттоодо турарын айткан. Ага карабай эле полиция Эсенди эч түшүндүрмөсү жок эле башка кыргызстандыктар менен чогуу полиция бөлүмүнө алып кеткен.
Анын жубайы Гүлмира таң атпай болгон окуяны мындайча баяндайт:
“Бир жумадан бери рейд жүрүп жатат. Биз борбордо Арбатта жашагандыктан бизди да текшерет. Кайсы подъездде кыргыздар жашарын билишет. Адегенде кыргыздар жашаган алтынчы кабатка келиптир. Анан кыргыздар кыргызды сатат да. Коркконунан үстүндө да кыргыздар жашайт деп айтыптыр. Ошентип бизге да келет. Жаман ой жок эле Орусиянын жараны болгондуктан документтерди көрсөтсө, аны Арбат районундагы полиция бөлүмүнө алып кетти”.
"Операция болуп чыкканыма бир эле ай болгон"
Эсен менен кошо полиция бөлүмүнө жеткирилген кыргыздардын колунда Кыргызстандын паспорттору болгон. Полиция аларды документтеринен мандем таап, беш миң рубль айып пул салып кое берген.
Бирок Эсенди орус жараны болгону үчүн жана өзгөчө Кыргызстанда армияда кызмат өтөгөнү аныкталганы үчүн кое бербей, түшкө чейин кармап отурушкан.
“Мен 2009-жылы Орусиянын паспортун алып жатканда [Кыргызстандан берилген] аскердик билетимдин көчүрмөсүн тапшыргам да. Базаны текшергенде менин аскердик билетим чыгып калгандыктан мени эки ай даярдап туруп согушка айдамак”, - деди Эсен.
Түш оой полиция Эсенди “Кыргызстанда аскердик даярдыктан өткөн деген жүйө” менен түз эле Москва музейиндеги убактылуу мобилизация борборуна алып жөнөшкөн.
Украинадагы согушка айдалып кетерин жаземдебей түшүнгөн Эсен жубайына телефон чалып, кабар берүүгө үлгүргөн.
Эсен орус жергесинде он жылдан ашык сантехник болуп иштеп жүрүп, бөйрөк оорусуна чалдыккан. Жан кыйнаган илдеттен улам соңку бир жылдан бери оңчулуктуу иштей алган эмес. Августта операция болуп, сол бөйрөгүнө стент (заараны табарсыкка жеткирүү үчүн коюлуучу түтүкчө) койдурган.
Ал мобилизация борборундагы кызматкерлерге оорулуу экенин, согушка бармак тургай, бир чака суу көтөрө албасын, азыр деле дарыланып жүргөнүн түшүндүрүүгө аракеттенген. Бирок мигранттын айтканына кулак салган киши болгон эмес. Ага эки айга армияга барарын гана так кесе айтышкан.
“Мен оорулуу экенимди айтсам деле алар ынанган жок. “У тебя всё в порядке, всё четко” деп эле туруп алышты. Мен да аларга баш бербей туруп алдым. Себеби эгер мен ал жерде калып калсам, бүгүн армияга айдалып кетмекмин”.
Таң аткандан түш оогончо бир ууртам суу ичпеген Эсендин башы айланып, кан басымы жогорулап кетет. Аскерге айдалчулардын чордонуна айланган Москва музейиндеги мобилизация борборуна “Тез жардам” чакыртылган. Ага удаа Эсендин жубайы Гүлмира да борборго жетип келүүгө үлгүргөн.
“Бул ачка отурбашы керек. Суу ичип турушу керек. Бул таң аткандан бери ачка жүрүп, эстен таныптыр. Мен барсам, "Тез жардамдын" алдында отуруптур. Аскер кызматкерлери “бүгүн кечке анализ тапшырып, кайра эртең ушул жерге качып кетпей келесиң, качып кетсең издөөгө беребиз, паспортуң баары бир бизде калат” деди. Мен бүт жашообуз ушул жерде болсо кайда качмак элек деп айттым. Алар “караларга” (мигранттарга) аябай орой мамиле кылып жатканына күбө болдум. Ошол жерде жашы улуураак бир кыргыз байке жүк ташуучу болуп иштейт экен. Ошол бүгүн бир-эки жаш кыргыз балдар келип, аскерге кетти деп айтты”, - деди Эсендин жубайы Гүлмира.
Келбесең издөө салабыз деп коркутушту...
“Тез жардам” Эсенди ооруканага жеткирип, кечки саат бештер чамасында коё беришкен. Медкызматкерлер анын медициналык полисин ачып карап, бөйрөгүнөн операция болгонун ырасташкан.
Бирок аскер кызматкерлерин ал дагы ынандырган эмес. Алар таң аткандан оозуна наар албай жүргөн Эсенге эртеси армияга кетесиң деп катуу эскертишкен.
“Алар мага бүгүн саат 11:00ге кел деп айтышкан. Бүгүн мен сүрөткө түшүп, аскердик билетимди ушул жерден даярдап, чакыруу кагазына (повестка) ушул жерден кол койдуруп, шыр эле армияга алып кетишмек. Мен чакыруу кагазына кол койгон жокмун, бирок бүгүн сөзсүз келем деп тилкат жазып, кол коюп бердим”, - дейт Эсен.
Үйгө кайтып келгенден кийин деле Эсендин акыбалы кайра начарлап, экинчи жолу “Тез жардам” чакыртып, медиктердин жардамын алган.
Эсен эртеси мобилизация борборуна барган жок. Полициядан качып, ооруган бөйрөгүн таңып алып, батирине түнөбөй, Москвада изин жашырып жүрөт.
Орусиянын жарандыгын алган көптөгөн мигранттардай эле Эсендин да кыргыз паспорту бар. Бирок ал паспорту мекенинде калгандыктан, аны тез арада Москвага алдыруунун жолун издеп жатат.
Эсен кыргыз паспорту колуна тийсе эле жубайы менен тестиер кызын алып, Орусиядан чыгып кетсем дегенде эки көзү төрт. Алар кайрылган укук коргоочулар да бир ооздон “Орусиядан тез арада чыгып кеткиле” деп кеңеш беришкен.
“Мобилизация борборун өз көзүм менен көрүп чыктым. Аябай чоң жерде экен. Москванын борборунда эле. Баягы эле карапайым адамдар кетип атат. Уулдарын узаткан апаларды көрдүм. Түшкөн учурда эле аты-жөнүн жазып алып, ары жакка алпарып, форма кийгизип алып кетет экен. Азыр Кыргызстандан паспортту күтүп жатабыз. Бүгүн салса, эртең келип калса деп”, - дейт жубайы Гүлмира.
Расмий маалыматка ылайык, Орусияда 1 миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсеп менен орус паспортун алган кыргыздардын саны 500 миңге чукул.
Орусия менен Кыргызстандын ортосунда кош жарандыкты тааныган келишим жок. Ошентсе да орус паспортун алган мигранттардын көбү Кыргызстандын жарандыгынан да баш тарткан эмес.
Орусия Украинадагы согушка эки өлкөнүн жарандыгын алып жүргөн мигранттарды айдап жаткан фактылар ачыкка чыкты. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги орус паспорту бар кыргызстандыктар Орусиянын жарандары деп эсептеле турганын эскерткен.
Аскерден качкан кыргыздарга укуктук жактан жардам көрсөтүп келе жаткан адвокат, укук коргоочу Гулиза Акматсияева орус жарандыгынан баш тартуу оңой-олтоң эмес экенин белгилейт.
"Бул процедура жеңил эмес. Бат эле чыгып кете албайсың. Анын үстүнө азыркыдай шартта эч ким арыз жазып, жарандыктан чыгып кете албайт”, - деди Акматсияева.
8-октябрда орусиялык укук коргоочу Валентина Чупик Kloop медиасына маек куруп, мобилизация башталгандан бери кош жарандыгы бар 242 кыргызстандыкка Орусиядан чыгарып кетүүгө көмөктөшкөнүн айтып берди. Укук коргоочу аскерге чакыруу кагазы Орусиянын жарандарына гана эмес, убактылуу жашоого уруксаты бар чет элдик мигранттарга да келиши толук ыктымал экендигин эскерткен.
“Аскерге чакыруу Кыргызстандын жараны болгон, бирок Орусияда туруктуу жашоого уруксат алган мигранттарга деле келиши мүмкүн. Чакыруу кагазды алуудан баш тартыш керек. Анүчүн 500дөн 3000 рублга чейин айып пул каралган, бирок сизди аскердик комиссариатка мажбурлап алып келип, кагазды ошол жерден тапшырышы мүмкүн. Ошондуктан эгер сизге чакыруу кагазы келсе, аны албай кийим-кечеңизди чогултуп, сизди таба албай турган жакка жер которуп кетип калышыңыз керек”, - деди Чупик.
Украинадагы согушта миңдеген жоокеринен ажыраган Орусия 21-сентябрда жарым-жартылай аскердик мобилизация жарыялаган. Президент Владимир Путин мобилизацияга аскердик даярдыктан өткөндөр гана тартыларын так айткан.
Орусияда мобилизация башталгандан бери Кыргызстанга качкан орус жарандарынын катары калыңдады. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жыл башынан бери Кыргызстанга 192 миңден ашуун орус жараны келди. Анын ичинен 1631 киши кыргыз жарандыгын алууга арыз берген. Сентябрь айында эле Кыргызстанда 20 миң орусиялык расмий каттоодон өттү.