Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:23

Чек ара: Куралдуу кагылыштагы "кара кийимчендердин" карааны


Соцтармактарга чыккан видеолордон алынган скриншот.
Соцтармактарга чыккан видеолордон алынган скриншот.

Кыргызстандын бийлиги соңку чек ара жаңжалында "тажик аскерлеринин катарында террордук уюмдардын мүчөлөрү болушу мүмкүн" экенин билдирди.

Куралдуу кармашка тажик тараптан “террордук уюмдардын мүчөлөрү катышканы мүмкүн экенин” алгач Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 19-сентябрдагы маалымат жыйынында билдирди. Ал буга жаңжал учурунда тартылганделген видео тасмаларды далил келтирди.

"Биз видеотасманы бере алабыз. Ал интернетте деле жүрөт. Балким, силер деле көрүшүңөр мүмкүн. Анда аскерлердей куралданбаган адамдар тобу өрттөлгөн танктын жанынан өтүп баратканын көрүүгө болот. Алардын арасынан "афганка" деген баш кийим кийген бир адамдын тек-жайын аныктадык. Азыркы ооган бийлиги ал адамдын ооган жараны экенин ырастады. Мындан улам кол салган өлкөнүн катарында эл аралык террордук уюмдун мүчөсү катышкан деп айта алам", - деди Иманкулов.

Ал жаңжал маалында кыргыз жоокерлери "мыкаачылык менен өлтүрүлгөн учурлар болгонун, бул аскерлерге мүнөздүү эмес, куралдуу топтордун колунан келиши мүмкүн" деп түшүндүрдү. Иманкулов муну жаңжалга куралдуу топтордун аралашуусунун кыйыр далили катары сыпаттап жатат.

Коопсуздук кеңешинин катчысы өзү "ооган жараны" деп айткан адамдын тек-жайы кандайча ырасталганын тууралуу кеңири маалымат берген жок.

Тажик күчтөрүнүн катарында чет өлкөлүк жарандардын да бар болушу ыктымалдыгын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да айтып чыкты. Ал "Би-Би-Си" радиосуна берген маегинде соңку жаңжалда Тажикстан тарапта аскерлер менен катар "Ооганстандан келген согушкерлер да болгонун" белгиледи.

Байсалов "Азаттыкка" мындай маалымат бийлик органдарында бардыгын ырастады.

Кыргыз бийлиги жогорудагы айтылган маалыматтар боюнча "иликтөө жүрүп жатканын, зарыл болсо кол салуунун далилдерин эл аралык деңгээлге алып чыгууга даяр экенин" билдирип жатат.

Анткен менен расмий Дүйшөмбү Бишкектин мындай маалыматын толугу менен четке кагууда.

20-сентябрда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан атайын билдирүүдө: "мындай фактыларды бурмалоо, фейктерге негизделген билдирүү эки өлкөнүн коомчулугун адаштыруу максатын көздөйт. Эки элге оор болуп турган учурда кырдаалды козутуучу мындай жалган билдирүүлөрдүн кесепети үчүн жоопкерчилик аларды чыгарган авторлорго жүктөлөт", - деп айтылат.

Бирок Дүйшөмбү Марат Иманкуловдун кайсы сөзүн четке какканын так белгилеген эмес.

Табышмактуу "кара кийимчендер" ким?

Акыркы жаңжал башталган 14-сентябрдан тарта эле Кыргызстанда куралдуу кагылышууга "Тажикстан тараптан жарандык кийимчен, ар кыл топтордун мүчөлөрү аралашуусу мүмкүн" деген жоромолдор айтылып жаткан.

Кыргызстандын Чек ара кызматы атышуу учурунда тажик тараптан "кара кийимчен, сакалчан адамдар эл жашаган аймактарды, үйлөрдү минемот менен аткылаганы өзгөчө бушайман кылып жатканын" маалымдаган. Мындай маалыматты УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да 15-сентябрдагы басма сөз жыйында билдирген:

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

"Дагы бир нерсе - тажик тараптан атайын чагым даярдалганын көрдүк. Биздин Чек ара кызматы алар жакта кара кийимчен, башка формадагы адамдар ок чыгарганын көрүп, каттоого алышкан. Алар азыр деле бир жерлерде өңүп жатышы мүмкүн. Ошондуктан, биз буга байланыштуу керектүү чечимдерди карап жатабыз. Биз мамлекетибиздин чек арасына бир метр да эч кимди киргизбейбиз жана коопсуздугубузду сактайбыз. Биз ал шектүү адамдар тууралуу маалыматыбызды Тажикстан жана башка тараптарга айтып, кабарладык"

Кийинчерээк социалдык тармактарда чек арадагы окуялар тууралуу ар кандай видеотасмалар тарады. Андан дал ушундай сүрөттөмөгө дал келген адамдарды байкоого болот. Алардын айрымдары кара күрмө, башкалары камуфляжчан жана курал-жаракчан экени даана тартылган.

Eurasianet сайты кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу 17-сентябрда жазган макаласында төмөнкүлөргө көңүл бурган:

"Бирок кадрлардан ал адамдар куралчан топтордун согушкерлериби же армиянын жоокерлериби жана видео качан тартылганын баамдоо мүмкүн эмес", - деп жазган.

Eurasianet басылмасы мисал келтирген дагы бир ролик Telegram каналында тараган. Анда камуфляжчан, бирок аскердик белгилери жок кийимчен эркектердин тобу тик учакта куралдарын дүрмөттөгөнү көрүнүп турат. Макаланын автору алар кармашка аттанып жаткандай таасир калтырарын жазып, бирок анын качан тартылганын так аныктоо мүмкүнчүлүгү жок экенин кошумчалаган.


Кыргызстандагы көз карандысыз "Политклиника" порталынын журналисттери аталган фото, сүрөттөрдү текшерип, "кара кийимчен, курал көтөргөн адамдарды" аныктаганын жарыялады.

Журналисттер мындан башка да Телеграмда тараган бир нече видеотасмада жарандык кийимчен адамдар болгонун белгилеп, иликтөө жүргүзүп жатышат.

Табышмактуу "кара кийимчендер" жөнүндө жаңжалга катышкан кыргызстандык айрым аскерлер да айтып беришти.


Маселен, Баткендеги "Достук" чек ара бекетиндеги кармашта жаракат алган Шайырбек Аманкул уулу тажик аскерлерине окшобогон кара кийимчендер тууралуу жергиликтүү телеканалдардын бирине минтип баяндаган:

"Кара формачандар дөңдөн түшүп келди, заставанын үстүнөн. Биздин аскерлерди өлтүрүштү, танктарды жарып, заставаны өрттөп кетишти. Эми алар деле аскер кызматкерлери экен, бирок тажик эмес, башка...кара формачан. Мен тажик аскерлеринин формаларын билем, сары формачандар, аларды көрдүм, ары жакта жүрдү, кире алган жок заставага. Кара формачандар кирди".

Тажикстандын бийлиги табышмактуу "кара кийимчендердин" чек арадагы кармашка аралашканын жокко чыгара да, ырастай да элек.

Буга чейин "Озоди" радиосу 15-сентябрда эртең менен коңшу өлкөдөгү жарандык согуш маалында уюштулган "Элдик фронт" деп аталган түзүмдүн ардагерлери чатак чыккан аймакка жөнөтүүнү суранып чогулганын жазган. Бирок Тажикстандын Ички иштер министрлиги согуш ардагерлеринин чогулганы жөнүндө маалыматты чекте каккан.

Расмий Дүйшөмбү жаңжал тууралуу чектелген маалымат берип, анда кыргыз тарапты "ок атууну биринчи баштаган" деп айыптады. Муну өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоми 19-сентябрдагы брифингде айтып чыкты.

Кыргызстан болсо куралдуу жаңжалды ага чейин эле "Тажикстандын алдын ала даярдалган аскердик агрессиясы" деп атады.

Эл аралык баа берилеби?

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырым. Анын 300 чакырымдан ашыгы тактала элек. Чек аранын такталбаганынан улам эки өлкө ортосунда утур-утур жаңжал чыгып турган. Бирок акыркы 14-17-сентябрдагы жаңжал эң масштабдуу болуп, ондогон адамдардын өмүрүн алды. Кыргызстандын расмий органдарынын маалыматы боюнча, 59 адам набыт болуп, 200гө жакыны жараат алды. Чек аралаш айылдардан коопсуз жайларга аргасыз көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Баткендеги Ак-Сай айылы чек ара чатагынан соң
Баткендеги Ак-Сай айылы чек ара чатагынан соң

Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. "Озоди" өз булактарына таянып чек арада каза болгон 63 адамдын тизмесин чыгарды.

Соңку жаңжалда Кыргызстанда расмий органдар да, жарандык коом да Тажикстанды "аскердик кол салууга" айыптап, эл аралык коомчулукка кайрылуу демилгесин көтөрүүдө.

Буга чейин эки тараптан 50дөн ашык адамдын өмүрүн алган 2021-жылдын жазындагы чатактан соң кыргызстандык бир нече юрист жана активисттер Гаагадагы эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу демилгесин көтөргөн. Ал учурда кыргыз бийлиги бул демилгени колдогон эмес.
Бул жолу кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү демилгени колдоону убада кылып жатат.

Юрист Сания Токтогазиева бир нече багытта иш жүргүзүү керектигин белгиледи:

Сания Токтогазиева
Сания Токтогазиева

"Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов маалымат жыйынында экстремисттик-террористтик уюмдардын мүчөлөрү жүрүшү мүмкүн деген маалыматты айтты. Эгер ошол чын болсо, анда бул Тажикстан тарабынан "Терроризмге каршы күрөш" жөнүндө эл аралык конвенцияны бузуу болуп саналат. Бул Кыргызстанга Тажикстандын үстүнөн Улуттар Уюмунун эл аралык сотуна кайрылууга шарт түзөт. Жеке адамдар ага кайрыла албайт, аны толугу менен мамлекеттик бийлик жасашы керек. Экинчиден, Кыргызстандын бийлиги эл аралык фактыларды аныктоочу комиссияга кайрылса болот. Кандай аскердик кылмыштар жасалганы боюнча эл аралык комиссия түзүлөт. Ошондой эле БУУнун Адам укуктары кеңешине да кайрылса болот. Мунун баарын бийлик кайрылып, бийлик жасашы керек".

Сания Токтогазиева 2021-жылы болгон чек ара жаңжалында жабыркагандардын жана жарандык коомдун атынан Тажикстандын аскер күчтөрүнүн аракетине тергөө жүргүзүү өтүнүчү менен Эл аралык кылмыш сотуна кайрылган. Анын маалыматына караганда, кайрылуу кабыл алынып, каралуу алдында турат. Юрист Рим статутунун ратификацияланбаганы буга жолтоо болорун айтып, бул жараянды тездетүүгө чакырды.

Жарандык активисттердин демилгесин Жогорку Кеңештин айрым мүчөлөрү да колдоп, Гаага сотунун сотунун негизги документи болгон Рим статуту деген эл аралык келишимди тез арада ратификациялоо маселесин көтөрүштү.

Рим статуту — Эл аралык кылмыш сотун негиздеген келишим болуп саналат.

Тажик бийлиги да соңку окуя боюнча өз версиясын эл аралык коомчулукка жеткирүүгө далалаттанып жатат. 19-сентябрда коңшу өлкөнүн башкы дипломаты Сирожиддин Мухриддин БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугуп, ага чек арадагы чатак боюнча өз далилдерин бергенин маалымдады.

Президент Садыр Жапаров да 20-cентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөгөндө чек арадагы соңку окуяларга токтолуп, тажик тарап Кыргызстандын аймагындагы чек ара жана жарандык объектилерге, калктуу конуштарга "чыккынчылык менен кол салганын" айткан. 14-15-16-сентябь күндөрү коңшу өлкө мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге ок атканын эске салган.

Андан кийин Жапаров Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Анда мамлекет башчы кыргыз-тажик чек арасын тактоо "негизсиз агрессиянын" фонунда өтүп жатканына өкүнүчүн билдирди.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG