Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:06

Зеленский калган аймактарды бошотууга даярдык жүрүп жатканын маалымдады


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский фронттогу кырдаал тууралуу куралдуу түзүмдөрдүн жыйынында маалымат алып, жаңы чабуулдарга даярдыкты талкуулады. Бул тууралуу Зеленский өзү соңку видеокайрылуусунда жарыялап, калган аймактарды бошотууга даярдык жүрүп жатканын маалымдады.

“Балким, катар жеңиштерден кийин айрымдарга кандайдыр бир жымжырттык өкүм сүрүп калгандай сезилиши мүмкүн. Бирок бул жымжырттык эмес. Бул келерки чабуулдарга даярдык. Биз үчүн абдан маанилүү болгон келерки катар жеңиштер сөзсүз аткарылышы керек. Анткени Украинанын бардык аймагы эркин болушу керек”, – деди Владимир Зеленский.

Украинанын армиясы августтун аягында контрчабуул баштаган. Масштабдуу жүрүш алгач түштүктөгү Херсон, Запорожье жана Николаев облустарында башталып, кийин чыгыштагы Харьков, Луганск жана Донецк облустарында күчөгөн.

Алар орус күчтөрүн Харьков облусунан дээрлик сүрүп чыкты. Бул аймакта Изюмдан сырткары Балаклея сыяктуу чоң шаарлар жана жүздөгөн айыл-кыштактар бошотулду. Украинанын күчтөрү сентябрдын башынан бери контрчабуулдун алкагында Харьков облусунда 421 калктуу конушту бошотконун маалымдаган.

Фронттун дээрлик бардык линиясында атышуу уланып жатат. Орус аскерлери Донецк облусун толук ээлөө аракеттерин күчөтүүдө. Мындан сырткары өздөрү басып турган жерлерди кармоо жана коргонууга да көбүрөөк күч жумшап, украин армиясынын контрчабуулдарын токтотууга умтулууда.

Орусиянын аскерлери 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген. Бул аралыкта Киев 9 миңдей жоокерин жоготконун тактады. Орусия мартта 1351 аскери өлгөнүн расмий билдиргенден бери маалыматтарды жаңылай элек. Украиндер орус армиясынын 55 миңдей аскери өлдү деп кабарлап жатышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG