Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:54

Балтика өлкөлөрүнө жана Польшага орусиялык туристтердин кирүүсүнө чек коюлду


Орусиянын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Туристтик шенген визаларын алган Орусиянын жарандарына Латвияга, Литвага, Эстонияга жана Польшага кирүүсүнө салынган тыюу 19-сентябрдан тартып күчүнө кирди.

Орусия менен чектешкен Евробиримдиктин бир гана өлкөсү – Финляндия гана орусиялык туристтерге чектөө киргизген эмес. Ошол эле малда Финляндия орус жарандарына виза берүүсүн кескин кыскарткан.

Балтика өлкөлөрү жана Польша шенген визаларын алган орус жарандарын чек арасына киргизбей турганын сентябрдын башында жарыялаган. Үй-бүлөлүк маселелерге жана гуманитардык жагдайларга байланыштуу келгендерге гана кирүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Туристтик виза алгандар Орусия түз чек ара аркылуу гана кире албайт, Шенген аймагындагы башка өлкөлөр аркылуу өтүүсүнө толук тыюу салынган жок.

Ушул эле өлкөлөр жалпы Евробиримдиктин аймагына Орусиянын жарандарына виза берүүгө тыюу салууну сунуштаган. Евробиримдик мындай чектөөнү киргизген эмес. Ошол эле маалда Орусия менен жеңилдетилген визалык режимди токтоткон, натыйжада аларга виза берүүнүн акысы кымбаттаган жана убактысы созулган.

Бул жана башка чаралар Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу киргизилип жатат. Орусиянын бийлигине жана жарандарына чектөөлөрдү киргизүүнү украин бийлиги суранып келатат.

Маалыматтарга ылайык, ушул тапта Орусиянын 1 миллион жаранында мөөнөтү бүтө элек шенген визасы бар. Евробиримдиктин курамындагы өлкөлөрдө туруктуу жашаган жарандар буга кирген эмес. (ErN)

XS
SM
MD
LG