Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Балбан Арсалан Будажапов Дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду


Архив сүрөт. Арсалан Будажапов Азия чемпионатында. 2020-жыл.
Архив сүрөт. Арсалан Будажапов Азия чемпионатында. 2020-жыл.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Арсалан Будажапов коло байгеге ээ болду. 16-сентябрда эркин күрөштөн 79 килограмм салмакта Будажапов болгариялык Али Паша Умарпашаевди 5:1 эсебинде утту.

Бул салмакта жарым финалга чейинки беттештер 15-сентябрда болгон. Ал күнү Будажапов 1/16 финалда франциялык Сайфедин Алекманы (2-2), 1/8 финалда тажистандык Шухрат Бозоровду (10-0) утуп, 1/4 финалда АКШлык Эрнест Жорданга (10-0) жеңилди. АКШ балбаны финалга чыккандыктан Будажапов көңүл жубатуучу беттешке чыкты. Ал таймашта түркмөнстандык Сахергелди Сапармурадовду 10:0 эсебинде жеңип, коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган эле.

29 жаштагы Арсалан Будажапов 2020-жылдагы Азия чемпиону жана 2022-жылдагы Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси. Бир катар эл аралык мелдештерде жеңишке жеткен.

Арсалан Будажаповдун байгеси менен бул Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын эсебине экинчи коло байге жазылды. Буга чейин күрөштүн бул түрүнөн 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев да коло байге алган. Акматалиев 2021-жылы Норвегиянын Осло шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш медал тагынган эле.

Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча (грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү) Дүйнө чемпионаты 18-сентябрга чейин уланат.

Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргызстандык балбандар эки алтын, бир коло байгеге ээ болуп, улуттук курама Командалык эсепте 5-орунду ээледи. 11-сентябрда Акжол Махмудов 77 килограмм салмакта, 13-сентябрда Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта алтын алган. Грек-рим күрөшүнөн 67 килограмм салмакта Амантур Исмаилов коло тагынган.

XS
SM
MD
LG