Өзбекстандын Самарканд шаарында 15-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын лидери Си Цзинпин жолукту. Анын алдында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлду.
Садыр Жапаровдун администрациясы тараткан маалыматка ылайык, анда тараптар өз ара алака-катыштын актуалдуу маселелерин, жогорку деңгээлдеги макулдашууларды жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады.
"Садыр Жапаров "Бир алкак жана бир жол" долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу ШКУнун алкагында экономикалык өнөктөштүктү кеңейтерине, инфраструктураны жана маданий өз ара аракеттенүүнү жакшыртарына ишенимин билдирди. Ал Си Цзинпинди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды, Кытай лидери чакырууну кабыл алды. Өз кезегинде Кытайдын лидери кытай тараптын Кыргызстанга инвестиция салууга даяр экенин билдирди. Ал Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун, Чүй облусунда ирригациялык каналдарды куруу долбоорун, жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүнү колдоого Бээжин кызыкдар экенин айтты", - деп жазылган маалыматта.
Расмий маалыматка ылайык, бул жолугушууда төрт документке кол коюлду.
Алар:
- Кытай өкмөтүнүн гранттык каражатынын эсебинен Кыргызстанга өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруу техникасын берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;
- Кытай өкмөтүнүн гранттык каражатынын эсебинен Кыргызстанга көчмө оорукананы берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстандан Кытайга экспорттолчу жүгөрүгө карата фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол;
- Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Кытай өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстандын ирригациялык системасын реконструкциялоо" № 1 Лот долбоору боюнча өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы.
Мунун алдында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган.
Андан соң Садыр Жапаров Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты. Жапаров Орусияны Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бир экенин белгилеп, соода алакасында өсүш бар экенин айтты. Путин Кыргызстанга жаратылыш кырсыктарын жоюу үчүн техникалык колдоо катары өрт өчүрүүчү жана тик учак берерин билдирди. Анын айтымында, орус өкмөтү бул багытта 1,5 миллиард рубль бөлгөн.
Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев 15-сентябрда Самарканд шаарында жолугуп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана Камбар-Ата - 1 ГЭСинин долбоору жөнүндө талкуулашты. Бул тууралуу Жапаровдун администрациясы маалымдады.
Эки президент бул ири долбоорлорду ишке ашырууда Борбор Азиянын өнүгүүсүнө өбөлгө болорун белгилешти. Алар эки өлкөнүн бардык тараптан кызматташуусун өнүктүрүү жана өзгөчө чек арага жакын облустардын ортосундагы алаканы жакшыртууга көңүл бурушту.
Үч өлкө кызыккан темир жол долбоору
Кыргыз тарап кабарлагандай, темир жолдун Кыргызстан аркылуу өтчү тилкеси тууралуу макулдашуу документине Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев, Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов жана Кытайдын өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин Төрагасы Хэ Лифэн (онлайн катышты) кол койду. Ага ылайык, жол тилкеси "Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад" багыты менен өтөт.
Расмий маалыматта "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Кыргызстан үчүн маанилүү долбоор жана Кыргызстанга Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө чыгууга жол ачары" көрсөтүлгөн.
"Бул каттам Кытайдан жүктөрдү Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркия жана Европа Биримдигине жеткирүүнү камсыздайт. Долбоор транзиттик жүк ташуунун эл аралык рыногунда атаандаштыкка туруштук берүүдө аралыкты жана убакытты кыскартат. Долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө - жалпы социалдык-экономикалык оң таасирин тийгизет жана элдин каттамын жеңилдетип, транспорттук кызмат көрсөтүүнү кеңейтүүгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө таасир этет", - деп жазылган маалыматта.
Торугарт - Арпа - Макмал - Жалал-Абад темир жолунун узундугу 280 чакырымды түзөт. Ички долбоордун болжолдуу баасы 5 млрд. долларга барабар экени буга чейин кабарланган.
Буга чейин Кыргызстандын аймагындагы темир жол каттамдарын аныктоо жана анын негизинде тоо кыркалары менен ойдуңар аркылуу өтчү болочок темир жолдун нугундагы жер кыртыштарын изилдөө үчүн талаа-изилдөө иштери жүргүзүлө турганы макулдашылган.
Бул үчүн ар тармактуу эксперттик топтун курамына кирген 80 адис быйыл июль айынын соңунда Кытайдан Кыргызстанга келген.
"Кыргыз темир жолу" ишканасынын темир жол курулушун долбоорлоо мекемесинин башчысы Улан Кулов изилдөөнүн жыйынтыгы ички каттамдын багыттарын жана курулуштун чыгымын аныктап берерин айткан.
"Толук кандуу техника-экономикалык негиздемеде бардык маселелер камтылат. Инженердик-техникалык жактан жолдун тоому ылайык келеби, темир жолдун узундугу канча чакырымды түзөт, канча бекет, канча көпүрө, канча тоннель курулат, бардыгы эсептелип чыгат. Мына ошолордун бардыгынын баасы эсептелип, курулуштун сметалык чыгымы аныкталат. Бул темир жол долбоорун ишке ашырууга канча убакыт талап кылынарына чейин толук эсептеп чыгарылат. Азыр деле биз долбоорду каржылоонун финансылык моделин талкуулап жатабыз. Бирок бирөөнө токтоло элекпиз. Техникалык-экономикалык негиздемеде мына ошол боюнча өзүнчө бөлүм болот. Ар бир ири долбоордун мына ошондой долбоорлоо документи иштелип чыгышы керек. Бул темир жол долбоору биздин бийик тоолуу аймактар аркылуу өткөндүктөн, өзгөчө изилдөөнү талап кылат. Биз берген сунуш боюнча бул темир жол каттамынын багытын толук изилдеп чыгышат. Техникалык-инженердик мүмкүнчүлүк бар же жок экенин аныктап алышыбыз абзел. Айрыкча, шагыл аралашкан, борпоң топурактуу тоо кыркаларынын жана ойдуңдардын жер кыртышын толук изилдөө абдан маанилүү. Ошонун бардыгын илимий негизде тактап беришет".
Адистердин айтымында, келерки жылдын жаз айларына чейин Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол долбоорунун техникалык экономикалык негиздемеси толук даяр болот. Эксперттер азыр геологиялык-геодезиялык изилдөөлөдүн жыйынтыгы боюнча курулуштун инженердик-техникалык түзүмүн сунуштай турганы белгиленди.
Ички темир жол каттамдардын кайсынысы болбосун бийик тоо кыркалары аркылуу өтүп, көптөгөн көпүрөлөр жана узак аралыктагы тоннелдер курула турганы айтылды. Кытайдын эксперттик тобу кыргызстандык адистер менен биргеликте учурда Нарын жана Жалал-Абад облустарынын аймагында талаа жумуштарын алып барып, изилдөөгө киришкени кабарланган болчу.
Кытайда темир жолдун эни 1435 мм түзөт. Бул дүйнөдө эң кеңири таралган стандарт. Түндүк Америка, Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка, Австралия, Түштүк Корея жана Европанын көпчүлүк бөлүгүнүн өлкөлөрүндө темир жол ушундай стандарт менен курулат.
Ал эми постсоветтик мейкиндиктеги, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандагы темир жолдордун эни 1520 мм түзгөн "орус нугу" деп аталган өлчөмгө туура келет. Ал мурдагы СССР өлкөлөрүнүн аймагында, ошондой эле Финляндия менен Монголиядагы темир жолдун эни болуп эсептелет. Бул маселени жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөрдө белгилүү болгондой, кайра жүктөөчү бекеттерди куруу сунушталган.
"Кыргыз темир жолунун" маалыматы боюнча темир жолдун курулушу алты жылдан сегиз жылга чейин созулат. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев дагы Кытайдын башкы дипломаты менен бул темир жол долбоорун ыкчам ишке ашыруунун жолдорун талкуулаганын айткан жайы бар.
"Бүгүн биз Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча негизги маселени талкууладык. Ошондой эле транспорт, коммуникация жана айыл чарба тармагындагы гранттык долбоорлор тууралуу сөз болду. Биз Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун тез ишке ашырууга абдан маани беребиз. Үстүбүздөгү жылдын июль айынын соңунда кытайлык эксперттер тобу Кыргызстанга келди. Алар кыргыз адистери менен биргеликте Кыргызстандын ичи менен өтчү темир жол тилкелеринде изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Быйыл соңку айлардагы Кытайдын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын эксперттеринин деңгээлинде бир нече жолу өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыгында талаа изилдөөлөрүн баштоого мүмкүн".
Бул долбоор үч өлкөнүн темир жолдорун кошуп, андан ары Перс булуңун, Иран, Түркия аркылуу Европага чейинки эл аралык темир жол тармагына туташтырууну көздөгөн эң ири долбоор экени айтылып келет.
Бул биринчи кезекте деңизге чыгууга жолу жок Борбор Азия чөлкөмүн, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстанды географиялык туюктан чыгарып, дүйнөлүк соода жолдоруна кошулуусун камсыздый турганын логистикалык эксперттер да айтып келишкен. Кыргызстандын транзиттен таба турган пайдасы эле жылына 200-250 млн. долларга бааланганы өкмөттүн өткөн жылдагы тыянагында көрсөтүлгөн.