Кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу президент Садыр Жапаровдун Беларустун башында турган Александр Лукашенко менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө сөз болгонун 22-сентябрда мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Анда эки лидер өз ара жана көп тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашканы, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча пикир алмашуу болгону айтылды.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Тажикстандын дипломатиялык мекемесинин "тажикстандыктарга жана этникалык тажиктерге куугунтук болуп жатканы" боюнча маалыматын төгүндөдү. Министрлик "Тажикстан ТИМинин чоң күч-аракет менен сакталып жаткан тараптардын ортосундагы тынчтыкты бузууга жана Пандоранын кутусун ачууга жасаган акыркы аракеттерине каршы чечкиндүү нааразылык билдире турганын" белгилеп, бул билдирүүнү чагым катары эсептеген.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке 248 миллион 566 миң сомдон ашуун каражат чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлиги 22-сентябрда билдирди.