Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:30
Ак-Сай айылы.
Ак-Сай айылы.

Чек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулат

Бишкек Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда башталган куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 63 адам мерт болгонун, 198 киши жараат алганын билдирди.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 41 тажик жараны каза тапканын билдирди, бирок алардын канчоо аскер, канчоо жай тургун экенин тактаган жок. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Канча киши жарадар болгонун көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Кыргызстандын жана Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирин "куралдуу агрессияга" айыптады.

18:20 18.9.2022

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Төрт-Көчө аймагы толук ачык экенин "Азаттыктын" кабарчысына жеринен ырастады.

20:42 18.9.2022

Каржы министрлигинин 18-сентябрдагы кечки саат 18:00гө карата маалыматына ылайык, Баткенге жардам көрсөтүү үчүн ыктыярчылар ачкан атайын эсепке 18 миллион 175 миң 38 сом түштү.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуу уланууда. Жер-жерлерде жардамдарды кабыл алган бир нече атайын жайлар уюштурулуп, анда чек арадагы жаңжалда жабыркап, коопсуз жайга эвакуацияланган жергиликтүү тургундарга азык-түлүк, тамак-аш, гигиеналык каражаттар, балдарга зарыл болгон буюм-тайымдарды чогултуп, автоунаа менен жөнөтүп жатышат.

"Каржы министрлигине караштуу Борбордук казыналыктын эсебине түшкөн бардык каражаттар максаттуу жана алардын кызыкчылыгы үчүн катуу жана так бөлүштүрүлөт", - деди министрдин орун басары Улан Даникеев улуттук "Кабар" маалымат агенттигиндеги басма сөз жыйынында.

Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт сарайында гуманитардык жардам чогултуу боюнча Республикалык штаб түзүлгөн. 18-сентябрь, 2022-жыл.

20:44 18.9.2022
Бообек Ажыкеев.
Бообек Ажыкеев.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан улам дайынсыз кеткендерди күч түзүмдөрүнөн турган атайын топ издеп жатканын маалымдады. Министр канча адам дайынсыз экенин тактаган жок.

“Жоголуп кеткен адамдар болуп жатат. Издөө топтору түзүлүп, иштеп жатат”, - деди министр.

20:55 18.9.2022

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон 28 жаштагы Эламан Ураимовдун сөөгү 18-сентябрда Кара-Суу районундагы өзү туулган Савай айылында жерге берилди.

Чек арада курман болгон Эламан Ураимов
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:13 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG