Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда Министрлер кабинетинин жетекчилигинин жана мүчөлөрүнүн, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин, Коопсуздук кеңешинин катчысынын катышуусунда Баткен облусундагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
Расмий маалыматка караганда, кеңешмеде чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана аймактагы талкаланган инфратүзүмдү калыбына келтирүү боюнча маалымат берилди.
Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоо, жарандыкты калыптандыруу максатында атайын сабактарды өтүү жөнүндө буйрук чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
“Кризистен кийинки калыбына келтирүү шартында балдарды жана жаштарды жарандык-мекенчилдикке тарбиялоо жөнүндө” буйрукка ылайык, мектептерде Баткен окуяларында курман болгон аскерлерди жана жарандарды эскерүү иш-чаралары өткөрүлөт.
Баткендеги соңку окуялардан улам үй-жайын таштап чыгууга мажбур болгондордун 700гө жакыны республикалык штаб аркылуу Бишкекке, 400дөн ашууну Чүй облусуна жайгаштырылганын 22-сентябрда “Азаттык” радиосуна штабдын Бишкек боюнча координатору Алтынбек Кутманов билдирди.
Кутмановдун айтымында, алар окуу жайларынын жатаканаларына жана мейманканаларга жайгаштырылууда:
“Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын Бишкектеги жана Таш-Дөбөдөгү жатаканаларына, Чүй облусундагы орто окуу жайларынын жатаканаларына, мэрия аркылуу колубуздан келишинче менчик мейманканаларга, “Достук”, “Семетей”, “Сейтек” мейманканаларына жайгаштырдык. Бишкектен баштадык, Бишкекте резервибиз калбагандан кийин Чүй облусуна өттүк”.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, Баткенде эвакуация болгон 136 миң 770 жергиликтүү тургундун 5,5 миңден ашууну республиканын башка аймактарына чыгып кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 14-17-сентябрь күндөрү куралдуу кагылышууда Баткен облусунда талкаланган турак жайлардын саны 432ге жетти. Бул тууралуу аталган министрликтин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Ырысбек Жолдошбаев 22-сентябрдагы брифингде билдирди. Анын айтымында, Жарандык коргонуунун жергиликтүү комиссиялары аймактагы талкаланган турак жай, мектеп, бала бакча жана башка социалдык мекемелердин санын тактоону улантууда.
“Бүгүнкү күндө талкаланган турак үйлөрдүн саны 432ге жетти. Комиссия 285 короо-жай, мал сарай жана чарбалык объектилер, 6 мектеп, 6 бала бакча, 2 саламаттык сактоо уюму, 9 административдик имарат, 26 автоунаа жана башка турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу 171 объект талкаланганын аныктады. Эртеңден баштап курулуш иштерине даярдоо, калдыктарды тазалоо иштери башталат ", - деди Жолдошбаев.
ӨКМ өкүлү жарылбай калган 78 снаряд табылып, алар сапёрлор тарабынан зыянсыздандырылганын кошумчалады.