Бүгүн 22-сентябрда эл аралык уюмдардын, чет мамлекеттердин өкүлдөрү, жергиликтүү жана чет өлкөлүк журналисттер Баткен облусунун кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан айылдарын кыдырып, 14-17-сентябрда болгон окуянын кесепеттерин көрүп жатышат.
Президенттик администрациянын Маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков башкы максат "Чек арага чектеш айылдарга баскынчылык менен кирип келип жай тургундардын, социалдык объектилерди талкалашканын көрсөтүү жана ал аркылуу дүйнө коомчулугуна чындыкты жеткирүү" деп Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга байланыштуу Баткен облусунда үй-жайын таштап чыгууга мажбур болгон 136 миң 770 жергиликтүү тургундун 5,5 миңден ашууну республиканын башка аймактарында экенин 22-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ)билдирди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы 22-сентябрь, 8:30га карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал салыштырмалуу туруктуу мүнөздө деп билдирди.
Маалыматка ылайык, түн тынч өттү, эч кандай окуялар катталган жок.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын алкагында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЖККУ) жумушчу жолугушуусуна катышты. Кулубаев кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылыш тууралуу маалымат берип, кырдаал "Тажикстандын кыйратуучу, чагымчыл жана мыйзамсыз аракетинин натыйжасында" кескин курчуп кеткенин айтты.