Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:21

Баткенде күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 9-сентябрда саат 02:29да Баткен облусунда очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу аталган институттун маалыматына таянып Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жер титирөө Лейлек районунун Жаңы-Турмуш, Катраң айылдарында төрт балл, Лейлек, Тогуз-Булак, Маданият айылдарында 3,5 балл, Сүлүктү шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Өткөн айларда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө Ысык-Көл облусунда, Оштун Чоң-Алай, Алай райондорунда, Жалал-Абаддын бир катар аймактарында катталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG