Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:09

ИИМ Кадамжайдагы өспүрүмдүн өлүмүнө милициянын тиешеси жок экенин маалымдады


Ички иштер министрлиги Баткен облусунун Кадамжай районундагы 14 жаштагы кыздын өлүмүнө байланыштуу билдирүү таратты. Анда социалдык тармактардагы кылмышка шектүүлөр милиция кызматкерлери деген маалымат чындыкка дал келбей турганы айтылган.

"Жашы жете элек кыздын өлүмүнө шектелип кармалгандардын ички иштер органдарына эч кандай тиешеси жок. Бул иш боюнча ар тараптуу, калыс иликтөө Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан камсыздалууда. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн тек-жайы такталып, алар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Коомчулукка тергөөнүн жүрүшү боюнча кошумча маалымат берилет", - деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Баткен милициясы Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жаштагы өспүрүм кыздын сөөгү табылганын 5-сентябрда билдирген.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Алардын биринин үйү тинтилип, далил катары “Хундай-Соната” үлгүсүндөгү автоунаасы алынган.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG