Мамлекеттик салык кызматы өткөн сегиз айдын жыйынтыгы боюнча 14 жылдан бери биринчи жолу салык чогултуу планы ашыгы менен аткарылганын жарыялады.
Салык кызматы сегиз айда былтыркыга салыштырмалуу 34 млрд. сомго чукул салык топтолуп, коюлган план 1,5 млрд. сомго ашыкча аткарылганын билдирди.
Салыктагы ийгилик - санариптин натыйжасы
Бул өсүш салык чогултуу тутумун жакшыртып, салык жол-жобосун санариптештирүү натыйжасында көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруунун эсебинен жүргөнү айтылды. Бирок финансы жана салык тармагын иликтеген талдоочулар салыктын өсүшүн баанын кымбатташына байланыштырууда.
Мамлекеттик салык кызматынын сегиз айдын жыйынтыгын чыгарган маалыматында, 2022-жылдын январь-август айларында мамлекеттик бюджетке 99 млрд. 961,4 млн. сом салык жана салыктык эмес төлөм жыйналды.
Өкмөт белгилеген план 1 млрд. 445,5 млн. сомго ашыгы менен аткарылып, 2021-жылдын сегиз айына караганда 33 млрд. 829,4 млн. сомго көп салык чогултулганы мекеме тараткан учкай маалыматында көрсөтүлдү.
Салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков бул өсүштү салык жол-жоболорун санариптештирүү менен буга чейинки көмүскө экономиканын жашырылып келген булактарынын ачыкка чыгышына байланыштырды.
"Салыктык жол-жоболорду санариптештирүү долбоорунун ишке кириши быйылкы пландык көрсөткүчтөргө оң таасирин тийгизди. Ошондой эле салык чогултууну башкарууну жакшыртуу чаралары дагы мына ушундай көрсөткүчтөргө жетишүүгө себеп болду. Буга чейин көмүскө экономика менен алектенген ишкерлердин жашыруун кирешелери дагы ачыкка чыгарылып, төлөбөй жүргөн салыктарын төлөтүү иштери башталды. Салык алуу электрондоштурууга өтүп, ишкерлер товарларынын эсеп-кысабын, коштомо документтерин электрондук негизде гана тариздеши керек. Мурда товарлардын алды-саттысы кагаз түрүндө гана болуп, салык органына отчет келбей, соода жүгүртүүнүн анык көлөмү билинбей калган учурлар көп эле. Азыр мындай маалыматтар автоматтык түрдө салык базасына келип түшөт. Ошондуктан салык төлөөчүлөрдүн соода жүгүртүүсү толугу менен көзөмөлгө өттү. Анын жыйынтыгында салык алуу натыйжалуу башкарыла баштады".
"Кумтөрдү" артка калтырган кошумча нарк салыгы
Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматы кайсы салык түрлөрүнүн кирешелеринин негизинде бюджеттин киреше бөлүгү түзүлгөнү боюнча түшүндүрмө берди. Мекеменин маалыматында, Салык кызматы жөнгө салып, башкарган мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн негизги үлүшүн же болбосо салыктар менен жыйымдардын жалпы көлөмүнүн 32% кошумча нарк салыгы (КНС) түздү.
Кумтөр алтын кенинен түшкөн салыктар менен жыйымдар 21,9% барабар болсо, пайда салыгы – 16%, киреше салыгы – 10,7%, акциз салыгы – 6,6%, сатуудан түшкөн салык – 4%, ал эми салыктын башка түрлөрү – 8,8% болгону отчеттук маалыматта көрсөтүлдү.
"Кумтөр Голд" компаниясы жылда бюджетти түзүүчү негизги салык кирешесин берип келсе, бул жолу ал экинчи орунга түшүп, ишканалардын кошумча нарк салыгы алдыга чыкты. Мамлекеттик казынанын үчтөн бир бөлүгүн кошумча нарк салыгы түзгөнү өлкө өндүрүшүндө, кызмат көрсөтүүдө жана соодадагы экспорттук-импорттук операциялардын өсүшү менен түшүндүрүлүүдө.
Финансы аналитиги Мирлан Кийизбаев ири салык төлөөчү ишканалар жоктугун эске салып, бул көрсөткүч эски салык базасынын эсебинен эле салык чогултуу өстү деп эсептейт:
"Бизде негизи салык алуу базасы кеңири. Бирок көпчүлүк ишкерлер салык төлөбөйт да. Ошол эле салык базасын карап, текшере баштаганда салык чогултуу көлөмү мурдагыга караганда кыйла өстү. Былтыркыга караганда сегиз айда 34 млрд. сом ашыкча чогултуу - бул чоң акча. Бирок бизде соңку мезгилде деле ири салык төлөй турган ишканалар ачылган жок. Чакан ишканалар ачылып жатканы анык, бирок күрдөөлдүү салык төлөөчүлөрдүн саны көбөйүп кеткенин көрө элекпиз. "Кумтөрдү" эске албаганда. Анан салык чогултуу каяктан көбөйдү? Бул жерде бир эле себеп - салык алууну башкаруу натыйжалуу боло баштады десек болот. Экинчиси - "Кумтөрдүн" салыгына байланыштуу".
"Кумтөрдүн салык кирешеси эки эсе өстү"
Быйылкы жана мурдагы жылдардын сегиз айындагы салык чогултууну салыштырганда "Кумтөр Голд" мамлекеттик бюджеттин негизги киреше бөлүгүн түзүп келген. Салык кызматынын сегиз айынын жыйынтыгы боюнча дагы бюджеттин бөлүгүн түзүүдө бул алтын кен ишканасы мурдагы жылдардан эки эсе көп киреше бергени көрсөтүлгөн.
"Кумтөрдүн" 2019-2020-жылдардагы отчету боюнча ар жылы ар башка көлөмдө салык жана жыйым - 7 млрд. сомдон 9 млрд. сомго чейин түшүп турган.
Салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков сегиз айда "Кумтөрдөн" түшкөн салык менен жыйымдын көлөмү эки эсе өскөнүн белгиледи.
"Жалпы 99 млрд. 961,4 млн. сомдун 21,9% "Кумтөрдөн" түшкөн салык түзсө, анын пайыздык катышын эсептесек, анда бул каражат болжол менен 22 млрд. сомго жакын салык түшкөнүн көргөзөт. Бирок бул жерде салыктык эмес дагы түшүүлөр болот. Аны болсо Финансы министрлиги карайт. Ошондуктан так санды министрликтин борбордук казыналыгы гана айта алат. Бирок жөнөкөй эсеп менен алганда 99 млрд. 961,4 млн. сом салыктын 21,9% "Кумтөрдөн" түшкөн салык жана жыйым болуп саналат".
Анткен менен өкмөттүн сегиз айдагы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзгөн салык чогултуу көрсөткүчүн башка бир факторлор менен чечмелегендер бар. Фискалдаштыруудан жана санариптештирүүнүн негизинде салык чогултууну жакшыртуудан сырткары товарлардын баасынын өскөнү дагы жалпы салык көрсөткүчүнө таасир эткенин эстен чыгарбоо керек дешет айрым экономикалык баяндамачылар.
Салыктын өскөнү кымбатчылыктын туундусу
Талдоочу Айданбек Акматов салык чогултуунун өсүшүн үч факторго байлап, киреше менен чыгашанын айырмачылыгын атады.
"Салык катары чогулган акча биринчи караганда көптөй болуп көрүнүп жатат. Биринчи чынында эле ККМдин киргизилиши болушу мүмкүн. Экинчиси - "Кумтөрдүн" салык төлөө салымы өскөнүн айтып жатат. Үчүнчүсү - бизде товарлардын баасы өсүп, аябай кымбатчылык болду. Товарлар канчалык болсо, андан түшчү салыктын өлчөмү дагы жогору болот. Бул жөнөкөй эле эсеп. Себеби, салыктар товарлардын баасынан алынат. Суммага жараша. Бир жагынан дагы бир түшүнүксүз жагдай бар. Салык көбөйгөнү айтылганы менен май-июнь айларында өкмөт баалуу кагаздар аркылуу 100 млрд. сомдой карыз алган. 16 млн. доллар Евразия өнүгүү банкынан карыз алган. Ошондо киреше менен чыгашанын айырмасы жана айлыкты көтөрүүнүн эсебинен келип чыккан чыгымдарды жапканда бул көрсөткүч кандай болорун дагы эсептеп көрүү керек".
Салык кызматынын маалыматы боюнча 2007-жылы салык жана бажы жыйымдары көп чогулуп, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү ашыгы менен аткарылган.
Бюджеттик профицит 2007-жылы 6,8 млрд. сомду түзүп, мамлекеттин чыгашасынан кирешеси биринчи жолу жогору болгону белгиленген. Мына ошол жылы бюджеттин кирешеси катары түшкөн акча бюджеттик кызматкерлердин маянасын көтөрүүгө кеткен чыгымдарды жаап, кийинки жылга салыктык кирешенин өсүшү ошону менен теңделип калганын эксперттер айтып чыккан.
Мына ошондон бери мамлекеттик бюджет жыл сайын таңкыстык менен бекитилип, эл аралык донор уюмдардын бюджеттик колдоосу менен чыгымдар жабылып келгени белгилүү.